Эркин соода жөнүндө келишим


Эркин соода жөнүндө келишим

Жалпы маалымат

1994-жылдагы Тарифтер жана соода боюнча Башкы келишимдин XXIV беренесине ылайык - эркин соода аймагы  (мындан ары ө ЭСА) деп, эки же андан ашык бажы аймактарынан турган топту түшүнүүгө болот, аларга карата негизги аймактар ортосунда ушул аймактардан чыккан товарларга карата дээрлик бардык сооданы жөнгө салуу боюнча  алымдар жана башка чектөөлөр (айрым өзгөчөлүктөрдү эске албаганда) алынып салынган. .

​Мындай макулдашуулар ДСУ эң ылайыктуу деп аныктаган улуттун режиминен бөтөнчө болуп саналат. Анын аркасы менен ДСУ нун бардык мүчөлөрү бири-бирине басымырлоосуз режим сунушташат. 

ДСУ Эркин соода аймагы тууралуу келишимдердин түзүлүшүнө тоскоол болбойт, мында бул келишимдер эркин сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана катышуучулар менен үчүнчү тараптардын ортосундагы соодада тоскоолдуктардын жаралышына өбөлгө түзбөөгө тийиш.

Учурда аймактык интеграция эркин соода аймагы формасында жүзөгө ашырылууда. Алсак, мисалы ДСУда колдонуудагы нотифицирленген аймактык соода келишимдеринин 84 пайызы эркин соода аймагы тууралуу келишим болуп саналат. Бул тенденцияны түшүндүрүү оңой эле. Буларга кол коюу үчүн улуттук мыйзамдарды же тарифтерди үндөштүрүүнүн зарылчылыгы жок, ошондой эле өнөктөрдүн географиялык жакындыгы да талап кылынбайт. Ошол эле учурда эркин соода аймагы тууралуу келишим стратегиялык маанилүү рынокторго мүмкүнчүлүктү жөнгө салат, башкача айтканда бул өлкөлөрдө көз карандысыздыктын максималдуу сакталышында жана минималдуу күч жумшоодо экономиканы зарыл болгон деңгээлде интеграциялоого өбөлгө түзөт.

Бул тармакта жүргүзүлгөн изилдөөлөр эркин соода аймагы тууралуу келишимдер жыл сайын көбөйө тургандыгын айтып турат. Муну статистика тастыктап турат, 1995-жылга карата ДСУга 124 ушу сыяктуу келишим нотифицирленген. 2012-жылдын 15-январына карата маалыматтар боюнча Бүткүл дүйнөлүк соода уюму Эркин соода аймагы жөнүндө колдонуудагы 319 келишимди каттаган. 

Ошентип, Эркин соода аймагы тууралуу келишим соода саясатынын маанилүү инструменти болуп саналат, ал Евразия экономикалык комиссиянын үчүнчү өлкөлөргө карата соода режимдерин аныктоо жагында өз ишин жүзөгө ашыруу укугун аныктаган, 2011-жылдын 18-ноябрындагы Евразия экономикалык комиссия жөнүндө келишимге ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын иш жүргүзүү чөйрөсүнө кирет.​