ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

темасындагы жаңылыктар «ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы»

27 Mar 2024 ЕЭКтин Укук департаментинин директорунун орун басары болуп Вараздат Пахлавуни дайындалды Вараздат Пахлавуни 1976-жылы Ереван шаарында (Армения) төрөлгөн. 1998-жылы Ереван мамлекеттик университетин (эл аралык мамилелер магистри), 2003-жылы Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасын (эл аралык укук) аяктаган. 1998-2000-жылдары Армения Республикасынын Коргоо министрлигинин Эл аралык мамилелер департаментинде эл аралык келишимдер бөлүмүндө иштеген. 2000-2001-жылдары – Армениянын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ТРАСЕКА Улуттук катчылыгынын укуктук маселелер боюнча эксперти. 2001-жылдан 2022-жылга чейинки мезгил аралыгында Армения Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген. 2024-жылдын мартында Евразия экономикалык комиссиясынын Укук департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.
26 Mar 2024 КМШнын А.А. Громыко атындагы жаш эл аралык кызматкерлер конкурсуна карата иштерди кабыл алуу башталды Сынактын уюштуруучулары катары Бирлик мамлекетинин Туруктуу комитетинин, Евразия экономикалык комиссиясынын жана КМШнын Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун колдоосу менен А.А. Громыко атындагы Тышкы саясий изилдөөлөр ассоциациясы, Россиянын ТИМ ММЭМИ, Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы иш алып бармакчы.  Конкурска жождордун студенттери, курагы 40 жаштан ашпаган аспиранттар, илимпоздор, мугалимдер, журналисттер, талдоочулар, бизнес чөйрөсүндөгү адистер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ЕАЭБдин жана КМШнын мүчө мамлекеттеринин дипломаттары катыша алышат. Билдирүүлөрдү кабыл алуу – 2024-жылдын 13-майында, саат 23:59да аяктайт. Конкурска төмөнкү номинациялардын алкагында катышууга болот: - Негизги номинация – аспиранттардын, илимпоздордун, талдоочулардын жана дипломаттардын илимий макалалары (2024-жылдын 1-августуна карата курагы 40 жаштан ашпаган); - Дебюттук номинация – жождордун студенттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн илимий макалалары (2024-жылдын 1-августуна карата курагы 30 жаштан ашпаган); - «Эсселер конкурсу» номинациясы – жождордун студенттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн публицистикалык эсселери (2024-жылдын 1-августуна карата курагы 30 жаштан ашпаган). Конкурска бир автор тарабынан өз алдынча жазылган же бир нече авторлор тарабынан жазылган (30 миң белгиден көп эмес), буга чейин жарыяланбаган жана төмөнкү темаларды изилдөөгө багытталган түп илимий макалалар жана талдамалык жазуулар кабыл алынат: - постсоветтик мейкиндиктеги интеграциялык долбоорлордун перспективалары: Беларусь жана Россия Бирликтик мамлекети, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ; - жаңы дүйнө тартибинин контурлары: Россия жана КМШ өлкөлөрү үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр; - илимий дипломатия Чоң Евразиянын калыптанышынын ресурсу катары; - "жалпы санкциялык согуш": укуктук статусу, кесепеттери жана каршы аракеттенүү ыкмалары; - Борбордук Азия жана Закавказьенин евразиялык интеграциядагы ролу жана орду;  - кагылышуулар коркунучу жана Евразиядагы коопсуздукту чыңдоо куралдары;  - А.А. Громыконун дипломатиялык мурасы; - Улуу Ата Мекендик согуш жана Экинчи дүйнөлүк согуш: тарыхый эскерүүлөрдү сактоо жана тарыхты бурмалоо менен күрөшүү маселеси; - БУУнун ролу, анын эл аралык мамилелер тутумундагы өткөн жолу жана келечеги. Конкурс дисциплиналар аралык болуп саналат. Конкурска аталган тематиканы политология, экономика, социология, тарых, укук, философия чөйрөлөрүндө ачып көрсөткөн иштер кабыл алынат. Конкурска катышууга ошондой эле төмөнкү темалар боюнча публицистикалык эсселер боюнча атайын номинация боюнча иштер кабыл алынат: - "Дүйнөнүн жаңы бөлүнүшү: цивилизациялар согушубу же макрорегиондордун тең салмактуулугубу?»; - "Маданият согуштары": адамдын иденттүүлүгүн кайра түзүү үчүн күрөш дүйнөлүк саясатка кандай таасир этет? Сыйлыктар: - негизги номинацияда конкурстун жеңүүчүлөрүнүн макалалары алдыңкы илимий журналдарда жарыяланат (анын ичинде, Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) тизмесине кирген журналдарда); Конкурстун бардык финалисттеринин иштери илимий макалалар жыйнагында жарыяланат. - кеминде 50 финалист 2024-жылдын июлунда Москвада өткөрүлүүчү Финалисттер форумунда өздөрүнүн иштерин презентациялоо үчүн катышууга, уникалдуу мастер-класстарда жана бай маданий программада катышууга грант алышат; - негизги номинациядагы жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарды алышат – ноутбук, планшет же смартфон. Дебюттук номинацияда – акылдуу саат, фитнес-билерик же сырткы катуу диск. Ошондой эле, жюринин чечими боюнча атайын номинацияларда да сыйлыктар каралган. Алардын жүрүшүндө конкурстун Финалисттер форумунда иштерди жактоо орун алган дебаттардын натыйжалары боюнча жюри жеңүүчүлөргө төмөнкүлөрдү ыйгарышы мүмкүн: - илимий-изилдөө долбооруна, монография чыгарууга же Россияда конференцияга катышууга грант; - Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында, анын ичинде ММЭМИде квалификацияны жогорулатууга грант; - Евразия экономикалык комиссиясында практика өтүү же ММЭМИде такшалмадан өтүү үчүн сунуштама кат. Конкурска катышуу үчүн 2024-жылдын 13-майына чейин конкурстун konkurs-gromyko.org расмий сайтындагы электрондук форма аркылуу катышуучунун анкетасын жана конкурстук ишин камтыган өтүнмөнү берүү зарыл. Толугураак маалымат конкурстун расмий сайтында: konkurs-gromyko.org. Уюштуруучулар менен байланыш үчүн: info@konkurs-gromyko.org.
23 Mar 2024 "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы трагедияга байланыштуу көңүл айтуу Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын жана өзүнүн атынан Россия Федерациясынын Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында террористтик актынын натыйжасында курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. "Биз ондогон адамдар курман болушуна алып келген, тынч калкка каршы жасалган террористтик актыны чечкиндүү айыптайбыз. Күнөөсүз курмандыктардын туугандарына жана жакындарына, ошондой эле болуп өткөн трагедияга байланыштуу Россиянын жалпы элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жоготуунун кайгысын жана азасын сиздер менен чогуу бөлүшөбүз. Жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайбыз", – деди Бакытжан Сагинтаев.  
21 Mar 2024 ЕЭКте Нооруз майрамы майрамдалды Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясында адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири болгон – Нооруз майрамы белгиленди. Бул күнү Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринин жана бөлүмдөрүнүн адаттагы иш жагдайын улуттук ырлар жана бийлер көркүнө чыгарышты. Адатта иштиктүү жолугушуулар өткөрүлүүчү жайда боз үй тигилип, ачык түстөгү чыгыш килемдери төшөлүп, евразия элдеринин каада-салттары көргөзүлдү. Майрамдын катышуучуларын көпчүлүгү кооз улуттук кийимдерди кийип келишти. Иш-чарада меймандар улуттук тамак-аштардын даамын татып көрүштү. "Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыздар. Бүгүн биз бардыгыбыз биргеликте беш мамлекеттин тең укуктуулугу, достугу, экономикалык пайдасы принциптерине негизделген интеграциялык бирикмени куруп жатабыз. Биз баштаган бардык аракеттер ийгиликтүү болсун!" – деп Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев иш-чаранын конокторуна тилегин билдирди.  2010-жылдын 23-февралында БУУнун Башкы Ассамблеясы 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп тааныган. ЮНЕСКОнун 2009-жылдын 30-сентябрындагы чечими менен майрам Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген. Майрамдын аталышы ар кандай өлкөлөрдө - Нооруз, Наурыз, Новруз, Науруз, Ноуруз деп айырмаланат.  
Дагы көрсөтүү

Темасындагы чечимдер «ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы»

31
26.03.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 31 О признании утратившим силу Решения Коллегии Евразийской экономической комиссии от 18 июня 2019 г. № 101
30
26.03.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 30 О порядке введения в действие изменений в технический регламент Таможенного союза «О безопасности игрушек» (TP ТС 008/2011)
29
26.03.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 29 О перечне продукции, подлежащей обязательной оценке соответствия требованиям технического регламента Евразийского экономического союза «О безопасности продукции, предназначенной для гражданской обороны и защиты от чрезвычайных ситуаций природного и техногенного характера» (ТР ЕАЭС 050/2021), в отношении которой при помещении под таможенные процедуры подтверждается соблюдение мер технического регулирования
28
26.03.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 28 О классификации адсорбирующей кормовой добавки в соответствии с единой Товарной номенклатурой внешнеэкономической деятельности Евразийского экономического союза
27
26.03.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 27 Об установлении ставки ввозной таможенной пошлины Единого таможенного тарифа Евразийского экономического союза в отношении отходов и лома титана

Ченемдик документтер

14 2016 ЕАӨБ конференциясында ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери, “Ведомости” гезитинде жарыяланган: “Жетишсиз интеграцияны жеңип чыгуу” Евразия мейкиндигинде экономикалык өсүш үчүн али колдонула элек зор потенциал бар эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө күчтүү өбөлгө бере ала турган негизги инструмент, бүгүнкү күндө түзүлгөн дал ушул улуттуктун үстүндөгү институт болушу мүмкүн деп ойлойм. Анткени биздин негизги миссиябыз - өлкөлөрдө топтолгон эң мыкты тажрыйбаларды жалпылай алышыбыз керек, жана ошондой эле эл аралык тажрыйбага, Европалык союздун тажрыйбасына таянуу менен, биздин өлкөлөрдө экономикалык өсүштү өбөлгөлөй ала турган бул жаңы улуттуктун үстүндөгү институттарды жайылтуу болуп саналат. Биздин Биримдик келишиминин негизинде жаткан аксиоматика төмөнкүдө турат: эгерде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзсөк, тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетсек, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттарды түзсөк, мунун өзү экономикалык өсүш үчүн олуттуу потенциал жаратат.
0/0