Интеграция жана макроэкономика

Интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Глазьев Сергей Юрьевич

темасындагы жаңылыктар «Интеграция жана макроэкономика»

16 Apr 2024 Аскар Джаппаркулов РЭМ угуучуларына ЕАЭБде макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу жөнүндө айтып берди Евразия экономикалык бирлигинин иштөө принциптери, макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу, ошондой эле интеграциялык бирикменин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Джаппаркуловдун 15-апрелде Россия экономикалык мектебинин (РЭМ) угуучулары менен болуп өткөн жолугушуусунун негизги темалары болду. ЕАЭБ жөнүндө келишимди практикалык ишке ашыруу жөнүндө айтып жатып, Аскар Джаппаркулов "Комиссия тарабынан Бирлик мамлекеттеринин макроэкономикалык туруктуулугун камсыздоого жана экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу көрсөткүчтөрдүн сандык маанилерин сактоого багытталган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында олуттуу тажрыйба топтолгонун" белгиледи. Ал ыйгарым укуктуу органдар жана Комиссия тарабынан иштелип чыккан сунуштамалар жана биргелешкен чаралар бюджеттик жана карыздык туруктуулукту камсыз кылууга, инфляциялык процесстердин төмөндөшүнө өбөлгө түзгөнүн жана Бирликте экономикалык туруктуулукка оң таасирин тийгизгенин кошумчалап өттү. "Комиссия макроэкономика жаатында жаш жана келечектүү адистерди күтөт. Эл аралык уюмда иштөө макроэкономикада өзүнүн теориялык билимдерин колдонууга гана эмес, ошондой эле көп улуттуу жана ар кыл маданияттар айкалышкан чөйрөдө коммуникациянын уникалдуу тажрыйбасын алууга, ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин чечүү үчүн экономикалык дипломатиянын инструменттерин практикада колдонууга мүмкүндүк берет", — деп Аскар Джаппаркулов РЭМ студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн Комиссиядагы карьералык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып жатып баса белгиледи.
10 Apr 2024 ЕЭК министри Сергей Глазьев Мьянманын Премьер-министри Мин Аун Хлайн менен жолугушту Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясынын Мьянма Бирлигине расмий сапарынын жүрүшүндө ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин жана Мьянма Бирлиги Республикасынын Мамлекеттик административдик кеңешинин Төрагасы, Премьер-министри улук генерал Мин Аун Хлайндын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Тараптар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Мьянманын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы жыйынтыктарын жана келечектүү багыттарын талкуулашты. Сергей Глазьев белгилегендей, ЕЭК менен Мьянма Бирлиги Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу кызматташтыктын негизги чөйрөлөрүндө диалогду тереңдетүүгө өбөлгө түзүүдө. Бул этапта ЕАЭБ өлкөлөрү менен Мьянманын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу, өз ара соодадагы тең салмаксыздыкты четтетүү, ЕЭКтин жана Мьянма Өкмөтүнүн тутумдук диалогун, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкка таасир этүүчү евразиялык жөнгө салуунун негизги аспектилери боюнча маалымат алмашууну өнүктүрүү негизги милдеттер болуп саналат. Сергей Глазьев ошондой эле Мьянманын профилдик министрликтеринин башчылары менен болгон эки тараптуу жолугушуулардын жана биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумунун жыйынтыктары жөнүндө маалымдады. Маалымат Евразия экономикалык комиссиясы менен Мьянма Бирлиги Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга 2023-жылдын 15-июнунда Петербург эл аралык экономикалык форумунун талааларында кол коюлган. Меморандумда бажылык жөнгө салуу, техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу, финансы рыноктору, транспорт, энергетика, агроөнөр жай комплекси жана башка багыттар боюнча өз ара аракеттенүү каралган. Меморандумда өз ара аракеттенүү боюнча жумушчу топту түзүү жана биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгуу каралган.
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2024-жылдын эки айында 6,6%га өстү 09 Apr 2024 ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2024-жылдын эки айында 6,6%га өстү 2024-жылдын январь-февралында Евразия экономикалык бирлигинин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2023-жылдын январь-февралына карата 106,6%ды түзгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү бардык мүчө мамлекеттерде байкалган: Арменияда - 28,9%га, Кыргызстанда - 7,8%га, Беларуста – 7,1%га, Россияда – 6,6%га жана Казакстанда – 4,6%га. ЕАЭБде тоо-кен казып алуу өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүштүн көлөмү 1,5%га, иштетүү өнөр жайында – 10,4%га, электр энергиясы менен камсыз кылууда, газ, буу берүү жана абаны кондициялоодо – 5,7%га, суу менен камсыз кылууда, канализация тутумунда, калдыктардын чогултулушун жана бөлүштүрүлүшүн контролдоодо – 4,6%га өскөн. Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай өндүрүшү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
Дагы көрсөтүү

Ченемдик документтер

ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин 23 2015 ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин "Интеграциянын тажрыйбасы. ЕЭИ" журналындагы "Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эмгек миграциясы" автордук макаласы ​Самат Бикитаевич Алиев — д. т.н., профессор, академик Российской академии есте- ственных наук, заместитель директора Департамента развития предпринимательской деятельности Евразийской экономической комиссии. При участии С.Б. Алиева и под его непосредственным руководством разрабатываются проекты нормативно-право- вых актов Евразийской экономической комиссии и международные законопроекты в сфере интеллектуальной собственности по вопросам товарных знаков, коллектив- ного управления авторскими и смежными правами, единого таможенного реестра объектов интеллектуальной собственности, координации деятельности уполномо- ченных органов. Автор более 110 научных трудов, в том числе 20 монографий. Сфе- ра научной деятельности — реструктуризация угольной промышленности, развитие высшего образования, управление транснациональными корпорациями, стратегия развития интеллектуальной собственности, миграционные процессы.
Глазьев Сергей Юрьевич
Глазьев Сергей Юрьевич
Глазьев Сергей Юрьевич
Глазьев Сергей Юрьевич
Глазьев Сергей Юрьевич
Глазьев Сергей Юрьевич
Глазьев Сергей Юрьевич
0/0