Кушнарев Николай Геннадиевич

Кушнарев Николай Геннадиевич

Биография

1975-жылы 26-мартта Волгоград шаарында төрөлгөн.

1998-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институтун, ал эми 2001-жылы - аспирантураны аяктаган.

Экономикалык илимдердин кандидаты.

1997-2013- жылдары Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинде ар кандай кызматтарды ээлеген (анын ичинде Индонезия Республикасында жана Таиланд Королдугунда Россия Федерациясынын Соода өкүлчүлүгүндө).

2013-2016-жылдары - Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигинин Тышкы соода ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары, директору.

2016-жылдын август айында Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору болуп дайындалган.

“Россия Федерациясынын ардактуу машина куруучусу” ардактуу наамына ээ.

Россия Федерациясынын ведомстволук сыйлыктары менен сыйланган.