Жаңылыктар

10.03.2022 (Обновлено: 15.04.2022 16:29)

Суюлтулган көмүрсуутек газдарына карата техникалык регламентке стандарттардын тизмеги актуалдаштырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Отун катары колдонуу үчүн суюлтулган көмүрсуутек газдарына талаптар" техникалык регламентине карата стандарттардын актуалдаштырылган тизмегин жана изилдөө (сыноо) ыкмаларын бекитти.

Актуалдаштырылган мамлекеттер аралык стандарттар коммуналдык-тиричилик керектөө үчүн, ошондой эле автомобиль транспорту үчүн мотордук отун катары колдонууга арналган суюлтулган көмүрсуутек газдарына жайылтылат.

Учурда аракеттенген стандарттарды жаңылоонун максатка ылайыктуулугу продукциянын сапатына коюлуучу талаптардын жогорулашы, ошондой эле стандарттарды өлчөөлөрдүн тактыгын камсыз кылуу жаатындагы эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү зарылчылыгы менен шартталган.

Жаңы тизмекке 31 стандарт киргизилди, алардын 17 – мамлекеттер аралык стандарттар (алардын экөөсү ISO эл аралык стандарттарынын жана бирөөсү – EN регионалдык стандарттарынын негизинде иштелип чыккан). Калган 14 стандарт – бул Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын улуттук стандарттары, алардын алтоосу ASTM регионалдык стандарттарынын негизинде иштелип чыккан.

Жаңы кабыл алынган стандарттарга алмаштырылган айрым мамлекеттер аралык стандарттарга, ошондой эле улуттук стандарттарга карата аларды колдонуу үчүн өткөөл мезгил белгиленди.

Стандарттардын тизмеги аларды иштеп чыгуу боюнча программага ылайык иштелип чыккан стандарттарды эске алуу менен актуалдаштырылды (Комиссиянын Коллегиясынын 2018-жылдын 28-февралындагы № 33 чечими менен бекитилген).