Жаңылыктар

29.07.2022 (Обновлено: 11.08.2022 11:31)

Арзыбек Кожошев Россиянын энергетика министри Николай Шульгинов менен ЕАЭБдин энергетика рынокторун түзүүнү талкуулады

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана Россия Федерациясынын энергетика министри Николай Шульгинов 29-июлда Россиянын Энергетика министрлигинде болуп өткөн жумушчу жолугушууда Евразия экономикалык бирлигинин жалпы энергетика рынокторун түзүү боюнча эл аралык келишимдерди даярдоону талкуулашты.

Жолугушуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин ушул жылдын август айына пландаштырылган, жөнгө салынбаган маселелерди макулдашуу боюнча кеңешмесинин алдында өткөрүлдү.

Арзыбек Кожошев энергоресурстардын рынокторунун сезимтал маселелери боюнча компромисстик чечимдерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен, Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын позицияларын жакындатуу үчүн консультацияларды улантууну сунуш кылды.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык, газдын, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыноктору 2025-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштоого тийиш. ЕЭК жана ЕАЭБ өлкөлөрү жалпы рынокторду түзүү жөнүндө эл аралык келишимдердин үстүнөн биргелешкен ишти улантышууда.