Жаңылыктар

23.11.2022 (Обновлено: 30.11.2022 12:22)

Арзыбек Кожошев: "Жакынкы келечекте туруктуу транспорттук каттамдарды жана коридорлорду түзүшүбүз зарыл"

Транспорт чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү маселелерин 23-ноябрда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Транспорт жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Евгений Москвичев талкуулашты.

"Транспорт чөйрөсүндө ЕАЭБдин тармактык рынокторун түзүү ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун аткаруу боюнча жөнөкөй гана милдет эмес, экономикалык интеграциянын потенциалын ишке ашыруу үчүн зарыл шарт жана ЕАЭБ алкагында ташууларды толук кандуу өнүктүрүү үчүн ресурстук платформа болуп саналат. Жакынкы келечекте биз туруктуу транспорттук каттамдарды жана коридорлорду калыптандырып, аларды тийиштүү санариптик сервис жана техникалык жактан жабдылган инфраструктура объекттери менен бекемдешибиз керек", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.


Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК министри 2021-2023-жылдарга транспорт саясатын ишке ашыруу боюнча жол картасынын иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө маалымдады жана 2023-жылдын биринчи кварталында ЕЭК тараптар менен биргеликте кезектеги үч жылдык мезгилге жол картасын даярдоого киришээрин билдирди.

Өз кезегинде, Евгений Москвичев, Комитеттин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жана пландары жөнүндө, ошондой эле товарларды жылдыруулардын классикалык каттамдарынын өзгөрүшүнө, Европа бирлигинин өлкөлөрү менен транспорттук байланыштарга таасир эткен, Россия Федерациясына жана Беларусь Республикасына карата санкциялык жана чектөө чаралардын колдонулушуна байланыштуу россиялык транспорттук бизнеси тарабынан билдирилген көйгөйлөр жөнүндө билдирди.

Талкуу процессинде ошондой эле жүктөрдү автомобиль менен ташууну либералдаштыруу маселелери да козголду. Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүндө каботаждык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча жагдай туурасында пикир алмашышты жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн бул маселе боюнча өз ара иштешүүнү улантууну макулдашышты.

Жолугушуунун аягында катышуучулар мындан аркы тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн, транспорт чөйрөсүн өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында алдыдагы 2023-жылы негизги иш-чараларды биргелешип өткөрүүнүн же аларга катышуунун зарылдыгын белгилешти.