Жаңылыктар

27.09.2022 (Обновлено: 06.10.2022 11:15)

Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБ – бул Бирликтин каалаган өлкөсүндө эркин иштей ала турган 93 миллион жумушчу"

Евразия экономикалык комиссиясынын эмгекчилердин укуктарын кеңейтүү жана алардын социалдык жактан корголуу деңгээлин жогорулатуу боюнча ишинин эң маанилүү багыттары туурасында ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев "Эмгек рыногу жөнүндө евразиялык диалог" форумунда айтып берди. Аталган Форум Бишкекте (Кыргыз Республикасы) өтүп жатат.

"Бүгүнкү күндө ЕАЭБ – бул Бирликтин каалаган өлкөсүндө эркин иштей ала турган 93 миллион жумушчу", – деп баса белгиледи ал.
ЕЭК министри эскертип өткөндөй, бул чөйрөдөгү эң маанилүү документтердин бири – 2021-жылы күчүнө кирген, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу. Ал пенсиялык укуктарды түзүүдө, сактоодо жана ишке ашырууда жумушка орноштуруучу мамлекеттин жарандары менен бирдей шарттарды түзүп, эмгекчилердин пенсияларын экспорттоо маселелерин чечти.

Ошондой эле, ЕАЭБ жөнүндө келишимге маанилүү түзөтүүлөр киргизилип, алар жумушка орношуу максатында келген мамлекеттен чыкпастан, кирүү максатын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет, эмгекчилердин педагогика жана юриспруденция боюнча билими жөнүндө документтердин түздөн-түз таанылышын камсыз кылат, ЕАЭБ алкагында илимий даражалар жана илимий наамдар жөнүндө документтерди түз таануу боюнча эл аралык келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми бул өзгөрүүлөрдүн күчүнө кириши жумушка орношкон мамлекетте кошумча жол-жоболордон өтүү зарылдыгын жокко чыгарат.

Бакытжан Сагинтаев айтымында, ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын эмгекчилерге болгон муктаждыгын болжолдоо максатында, бирдиктүү эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптердин Тизмегин жыл сайын даярдап жана өзүнүн сайтына жайгаштырат. Натыйжада ага киргизилген кесиптерге карата сунушталуучу квалификациялык талаптар иштелип чыгарылып, ЕАЭБ өлкөлөрү аларды өздөрүнүн улуттук квалификациялык талаптарын иштеп чыгууда колдонушат.

"Талап кылынган кесиптердин тизмеги жана аларга карата сунушталуучу квалификациялык талаптар – бул кесиптик даярдоо программаларын түзүүдө билим берүү уюмдары үчүн багыт болуп саналат, – деп баса белгиледи ЕЭК министри. – Бул иш эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кызматкерлердин квалификациялык деңгээлин ырааттуу жакындаштырууга багытталган".

Бакытжан Сагинтаев ошондой эле ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун андан ары өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө айтып берди.