Жаңылыктар

11.08.2022 (Обновлено: 19.08.2022 12:53)

Бакытжан Сагинтаев ЕАК КБАнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

10-августта ЕвроАзия Кызматташтыгынын Каржы-Бизнес Ассоциациясынын (ЕАК КБА) кезексиз жалпы чогулушунун чечими менен экономика жана каржы боюнча министр Бакытжан Сагинтаев ассоциациянын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Жалпы чогулуштун ишинин жүрүшүндө ЕАК КБАнын президенти болуп SLC-Rus компаниясынын негиздөөчүсү Ли Шобин (Кытай) шайланды.

ЕАК КБА – Евразиянын 26 өлкөсүнүн каржы-банк жана ишкерлердин ишкердик бирикмелерин, коммерциялык уюмдарын жана банктарын, коомдук жана илимий-өндүрүштүк бирикмелерин бириктирген коомдук бейөкмөт уюм.

Ассоциациянын ишмердигинин максаттары:

- анын мүчөлөрүнө укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды берүү жана аларды коргоо, алардын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында аларга консультативдик, усулдук жана башка жардам көрсөтүү;

- ассоциациянын мүчөлөрүн кызыктырган каржы-банк жана ишкердик ишмердик маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу;

- Евразия өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштуктарынын бириктирилген позициясын калыптантуу жана аларды мамлекеттик бийлик органдарына жана эл аралык уюмдарга жеткирүү;

- Евразия өлкөлөрүнүн ишкерлеринин натыйжалуу каржы-банктык, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана инвестициялык кызматташтыгы үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү.