Жаңылыктар

16.03.2023 (Обновлено: 20.03.2023 09:13)

ЕАЭБде жумушсуздардын саны 2023-жылдын январында 10%дан ашык кыскарды

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жумуштуулук кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2023-жылдын январь айынын аягына карата 884,2 миң адамды түзүп, 2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10,1%га кыскарган.

Ошентип, жумушсуздардын саны жумушчу күчтүн санынын 1%ын түзөт. 2022-жылда бул көрсөткүч 1,1%ды түзгөн.

ЕАЭБдеги жумушсуздук жөнүндө кененирээк маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин баракчасында "Жумушсуздук жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.