Жаңылыктар

16.09.2022 (Обновлено: 26.09.2022 09:45)

ЕАЭБ жана АСЕАН: интеграциялык процесстерди сапаттуу өнүктүрүү максатында тажрыйба алмашуу

Евразия экономикалык комиссиясы менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү маселелери 16-сентябрда Сиемреапе шаарында (Камбоджа Королдугу) АСЕАН экономика министрлеринин саммитинде каралды. Иш-чарага ЕЭКтин атынан интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян катышты.

"АСЕАН менен өз ара аракеттенүү – ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн масштабдуу күн тартибинин негизги багыттарынын бири. Бүгүнкү күндө эки региондун алдында сооданы жана инвестицияларды көбөйтүү маселелеринде чоң перспективалар ачылууда", – деп ЕЭКтин өкүлү билдирип, ошону менен катар Комиссия менен АСЕАН Катчылыгынын кызматташтыгы прогрессивдүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Алсак, ЕЭК менен АСЕАНдын ортосунда экономикалык кызматташтык жаатында 2018-жылдагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жана 2025-жылга чейин иштеп жаткан Кызматташтык программасынын негизинде диалог үчүн инфраструктура түзүлгөн.

"ЕАЭБде интеграцияны өнүктүрүүдө биз башка интеграциялык түзүмдөрдүн мыкты тажрыйбаларын эске алабыз, бирок ошол эле учурда өзүбүздүн иштеп чыгуулар менен бөлүшүүгө даярбыз. Буга объективдүү суроо-талап бар жана ЕЭК бул маселеде максималдуу транспаренттүү", - деп баса белгиледи Гоар Барсегян.

Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору эки бирикмеге тажрыйба алмашууга жана бул чөйрөдөгү өз иштеп чыгууларын сунуштоого мүмкүндүк бере турган, санариптик трансформация маселелери боюнча биргелешкен семинар уюштурууну сунуштады. Бул демилге өнөктөштөр тарабынан позитивдүү кабыл алынды.

Диалогду тереңдетүүнүн башка багыттары – бул интеграциялык түзүмдөрдүн аянтчаларын пайдалануу менен ЕАЭБ жана АСЕАН мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле экономикалык долбоорлорду жана демилгелерди илгерилетүү үчүн эл аралык уюмдардын аянтчаларында өткөрүлүүчү иш-чараларга биргелешип катышуу.

Гоар Барсегян белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ менен АСЕАНдын байланыштарын чыңдоо ишинде эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү роль ойнойт. "ЕЭК Вьетнам, Камбоджа, Таиланд, Сингапур менен өз диалогун ийгиликтүү жол-жоболоштурду. Бул иш ЕАЭБ менен экономикалык мамилелер жолго коюлган өлкөлөрдүн ортосундагы соодага оң таасирин тийгизди", - деп Гоар Барсегян АСЕАН Катчылыгы, ошондой эле АСЕАНдын башка мүчөлөрүнүн өкмөттөрү менен, анын ичинде жаңы аймактык экономикалык демилгелердин алкагында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө ЕЭКтин даярдыгын баса белгиледи.

Консультациялардын жыйынтык документинде соода, инвестициялар, маалыматташтыруу жана башка чөйрөлөрдө кызматташтыкты активдештирүү жана тереңдетүү максатында, бизнес-форумдарды жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүү менен Чоң Евразиялык өнөктөштүктү түзүүнүн курамдык элементтеринин бири катары Евразиядагы интеграциялык түзүмдөрдүн диалогун улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Иш-чаранын талааларында Гоар Барсегян АСЕАН Катчылыгынын жетекчилиги, ошондой эле АСЕАНдын катышуучу өлкөлөрдөн (Камбоджа, Таиланд, Филиппиндер) консультацияларга катышуучулар менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.


Маалымат

ЕАЭБ менен АСЕАНдын мүчө мамлекеттеринин соода-экономикалык өз ара аракеттенүүсү Бирликтин 2022-жылга Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарында бекитилген артыкчылыктардын бири болуп саналат (жыл сайын Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилет). Анын динамикасы бир топ позитивдүү. Алсак, 2021-жылы ЕАЭБдин АСЕАН мамлекеттери менен товар жүгүртүмү ЕАЭБ түзүлгөн бүткүл мезгил аралыгындагы рекорддук деңгээлге чейин өскөн - 23,9 млрд АКШ долларына чейин (35%га). Бирликтин экспорту 10,2 млрд долларга чейин, (54%га), импорт-13,7 млрд долларга чейин (23%га) өскөн. ЕАЭБ мамлекеттеринин ар бири АСЕАН мамлекеттери менен соода жүргүзүшөт, бирок анын көлөмү бирдей эмес бөлүштүрүлгөн: Россияга товар жүгүртүүнүн дээрлик 90%ы туура келет. Ошону менен бирге эле Бирликтин мүчө башка мамлекеттеринин АСЕАН өлкөлөрү менен соодасы өсүүдө: Армения менен Беларустун товар жүгүртүмү 2015-2021-жылдар мезгилинде 19%га өскөн, Казакстандын товар жүгүртүмү акыркы 3 жылда эки эсеге көбөйгөн, ал эми Кыргызстандын товар жүгүртүүсү ушул эле мезгилде 1,5 эсеге өскөн. Эгерде АСЕАН ЕАЭБдин соода статистикасында бирдиктүү соода өнөктөш катары каралса, анда 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ассоциация товар жүгүртүүнүн чоңдугу боюнча 11-орунду ээлемек, бул Бирликтин Япония же Индия менен товар жүгүртүмү менен дээрлик бирдей.