Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 17.05.2022 14:21)

ЕАЭБ була түзүүчү полиэтилентерефталатка карата алымдарды убактылуу жоюуда

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши була түзүүчү полиэтилентерефталатты ЕАЭБ ТЭИ ТНдин өзүнчө позициясына чыгаруу жана ага карата алып келүү бажы алымын 1 жылдык мөөнөткө 0% өлчөмдө белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды. Жаңы позицияда товарлар алардын максаттуу арналышы мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан тастыкталганда гана классификацияланмакчы. Полиэтилентерефталат булаларды жана жиптерди (була түзүүчү полиэтилентерефталат), плёнкаларды (плёнка жасоочу полиэтилентерефталат), ар түрдүү жана ар кандай максаттар үчүн пластик идиштерди (бөтөлкө жасоочу полиэтилентерефталат) өндүрүү үчүн колдонулуучу термопластикалык өнөр жай полимери болуп саналат.

"Плёнка жана бөтөлкө жасоочу полиэтилентерефталат Евразия экономикалык бирлигинде чыгарылат. Бирок полиэфирдүү техникалык жиптердин жана полиэфирдүү техникалык кездемелердин өндүрүүчүлөрү тарабынан колдонулган була түзүүчү полиэтилентерефталат негизинен Кытайдан сатып алынат", – деп белгиледи ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Ал бажылык-тарифтик жөнгө салуу чарасын кабыл алуу була түзүүчү полиэтилентерефталаттан товарларды даярдаган ишканалардын өндүрүш кубаттуулуктарын өстүрүүгө, ошондой эле алардын чет өлкөлүк аналогдоруна салыштырмалуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет деп тактады.
"Ошол эле мезгилде була түзүүчү полиэтилентерефталаттын керектөөчүлөрү талаптагыдай сапаттагы продукциянын өндүрүшүн уюштуруу жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн ички өндүрүүчүлөр менен кооперациялык байланыштарды жолго коюуга даярдыгын билдиришти", – деп ЕЭК департаментинин директору кошумчалады.
Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.