Жаңылыктар

13.04.2022 (Обновлено: 29.04.2022 14:19)

ЕЭК жана Россиянын Энергетика министрлиги ЕАЭБтин жалпы газ рыногун түзүү маселелерин талкуулашууда

12-апрелде ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбековдун жана Россия Федерациясынын энергетика министри Николай Шульгиновдун Евразия экономикалык бирлигинин жалпы газ рыногун түзүү маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара Бирликтин жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимдин долбоорун макулдашуу боюнча мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин 20-апрелге пландаштырылган кеңешмесине утурлай өткөрүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер консенсус издөөнүн жана келишим долбоорунда макулдашылбаган жоболорду жөнгө салуунун маанилүүлүгүн талкуулашты.

Өз кезегинде Темирбек Асанбеков алар боюнча бир катар компромисстик сунуштарды талкууга чыгарды.

Министрлер жакында жогорку деңгээлде өткөрүлө турган кеңешмеде калган принципиалдуу маселелер боюнча конструктивдүү талкууга жана өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгууга даярдыкка ниеттенишет.

Маалымат

Программалык документтерге ылайык, жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимге 2023-жылдын 1-январына чейин кол коюлуп, 2025-жылдын 1-январына чейин күчүнө кириши керек. Евразия экономикалык бирлигинин жалпы газ рыногун түзүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча жумушчу топ документтин үстүндө иштерди аяктады. Кийинки этап - Бирликтин жогорку органдары тарабынан каралуусу.