Жаңылыктар

14.09.2022 (Обновлено: 23.09.2022 12:05)

ЕЭК саламат тамактануу саясатын ишке ашырууга күч-аракет жумшоодо

14-сентябрда ЕЭКтин санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директорунун орун басары Салия Карымбаева Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) Европа регионалдык комитетинин 72-чи сессиясында чыгып сөз сүйлөдү. ЕЭК өкүлү БССУнун саламаттыкты сактоо жана саламат тамактануу жаатындагы глобалдык саясатты аныктоодогу лидер катары ролун баса белгиледи.

Инфекциялык эмес оорулардын бардык жерлерде таралышы глобалдык көйгөй болуп саналат жана аны чечүү үчүн оорулардын алдын алууга карата мамилелер, тамак-аш продукциясын өндүрүүчүлөрдү, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана бийлик органдарын тартуу менен, комплекстүү болууга тийиш.

Тамак-аш продукциясынын негизсиз көп калориялуу болушунун, каныккан майларды ашыкча өлчөмдөрдө керектөөнүн, микронутриенттердин жана тамак-аш булаларынын жетишсиздигинин эсебинен керектөөчүлүк сапаттары төмөн болгон тамак-аш продукциясын керектөө калктын жашоо сапатынын төмөндөшүнө жана бир катар инфекциялык эмес оорулардын өрчүшүнө себеп болот.

Салия Карымбаева өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө ар түрдүү стратегиялардын алкагында ишке ашырылуучу алдын алуу иш-чаралары инфекциялык эмес оорулар менен, анын ичинде май басуу жана ашыкча салмак менен күрөшүүнүн натыйжалуу механизми болушу мүмкүн деп белгиледи.

Ошондой эле, Салия Карымбаева саламат тамактануу саясатын ишке ашыруу механизмдеринин бири – илим сыйымдуу жана инновациялык технологияларды пайдалануу менен жаратылган саламат тамак-аш азыктарынын кеңири ассортиментин иштеп чыгуу жана өнөр жайлык чыгаруу болушу мүмкүн деп баса белгиледи.