Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 17.05.2022 12:31)

ЕЭК Евразиялык реестрдеги өнөр жай товарлары үчүн экспертизанын аракеттенүү мөөнөтүн узартты

Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесин колдоо чарасы катары Евразиялык реестрдеги товарлардын экспертизалоо актыларынын аракеттенүү мөөнөтү бир жылга узартылды. Эске сала кетсек, аталган документ Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелери боюнча Комиссия тарабынан түзүлүүчү Өнөр жай товарларын евразиялык реестрине товар жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн керек.

Чечим Бирликтин өлкөлөрүнүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын тизмегин аткаруунун алкагында даярдалды (ЕЭК Кеңешинин 17.03.2022-ж. № 12 тескемеси).

Чечим кабыл алганга чейин экспертизалоо актынын мөөнөтү бир жылды түзгөн, жаңы чечимге ылайык ал мөөнөт эки эсеге узартылмакчы. Белгилей кетсек, реестрге жаңы киргизилген товарлар үчүн актылардын аракеттенүү мөөнөтү эки жылды түзмөкчү.

"Бул чечим бизнестин Евразиялык реестрге киргизүү үчүн зарыл болгон документтерди алууга жана экспертизаларды жасоого байланыштуу чыгымдарын олуттуу түрдө азайтат, ошондой эле, жаңы жеткирүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр үчүн Бирликтин бардык өлкөлөрүндөгү мамлекеттик сатып алууларда катышууга түрткү болот деп ишенебиз", – деди ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине 5119 өнөр жай товарлары жана ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрүнүн 50 өндүрүүчүсү жөнүндө маалыматтар киргизилген.

Ошондой эле, кабыл алынган чечим менен 2023-жылдын 30-июнуна чейин Евразиялык реестрге товар жөнүндө маалыматтарды СТ-1 формасындагы сертификаттын негизинде киргизүү мүмкүнчүлүгү узартылат.

Мындан сырткары, чечимде Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелеринин № 1 тиркемесине "3907 Автомобиль жолдорун горизонталдык белгилөө үчүн термопластиктер" ЕАЭБ ТЭИ ТН кодун жана аталышын лак жана боёк материалдарына кошуу, ошондой эле жыгач жүктөгүчтөр үчүн аталышты жана бекитилген шарттарды жана операцияларды түзөтүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү