Жаңылыктар

17.06.2022 (Обновлено: 29.06.2022 12:27)

Борордук Африка мамлекеттеринин экономикалык коомдоштугу ЕАЭБ менен өз ара аракеттенүүгө кызыгуусун билдирүүдө

Петербург эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында Евразия экономикалык комиссиясынын жана Борордук Африка мамлекеттеринин экономикалык коомдоштугунун (БАМЭК) расмий өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу болуп өттү. ЕЭК делегациясын интеграция жана макроэкономика боюнча министр Сергей Глазьев, БАМЭКтин делегациясын – уюмдун Комиссиясынын төрагасы Жильберт да Пьедаде Вериссиму жетектеди.

Сергей Глазьев маектешин Сочиде өткөрүлгөн Россия – Африка Биринчи саммитинен кийин Комиссиянын Африкадагы регионалдык жана субрегионалдык интеграциялык бирикмелери менен байланыштарынын актидештирилгендиги жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде Жильберт да Пьедаде Вериссиму БАМЭКтин ЕАЭБ жана Бирликтин улуттан жогорку уюму катары ЕЭК менен өз ара аракеттенүүсүн жолго коюуну колдоорун билдирди жана ЕАЭБдин мыкты тажрыйбасын жана интеграциялык практикаларын изилдөөгө кызыгуусун баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары жакында өткөрүлүүчү Россия – Африка Экинчи саммитинин аянтчасында, ошондой эле БУУ тутумунун эл аралык уюмдарынын линиясы боюнча (ЮНКТАД, ЭКОСОС ж.б.) биргелешкен тематикалык сессияларды жана өз ара кызыгууга ээ болгон тематикалар боюнча, анын ичинде туруктуу өнүгүү маселелери боюнча семинарларды өткөрүү жөнүндө келишишти. Ошондой эле, ЕАЭБдин жана БАМЭКтин кеңири аудиториясы үчүн интеграциялык бирикмелердин биргелешкен презентацияларын өткөрүү жөнүндө түшүнүшүүгө жетишилди.

Сергей Глазьев Жильберт да Пьедаде Вериссимуну Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнүн актуалдуу аспектилери, анын ичинде Бирликтин эл аралык ишмердигинин натыйжалары жөнүндө маалымдады. Анын маектеши өз кезегинде ЕЭК менен диалогду түзүүгө жана Комиссия менен кызматташтыкты расмийлештирүү маселелесин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуусун билдирди.

Маалымат

Борбордук Африка мамлекеттеринин экономикалык коомдоштугу (БАМЭК – Economic Community of Central African States, ECCAS) – Борбордук Африка өлкөлөрүнүн 1983-жылы түзүлгөн интеграциялык бирикмеси, анын курамына Ангола, Бурунди, Габон, Конго Демократиялык Республикасы, Камерун, Конго Республикасы, Руанда, Сан-Томе жана Принсипи, Борбордук Африка Республикасы, Чад, Экваториалдык Гвинея кирет.

Уюмдун максаттары – катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда интеграциялык процесстерди өнүктүрүү, өзүнүн экономикалык күчтөрүнө таянуу менен аларды ар тараптуу тереңдетүүгө көмөк көрсөтүү, жалпы рынокту түзүүгө карай илгерилөө. Интеграциялык милдеттердин "классикалык" топтомунан сырткары, БАМЭК коомдоштуктун мейкиндигинде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөө, терроризмге жана деңиз каракчылыгына каршы күрөшүү, шайлоо процесстерин колдоо функциялары менен да алектенет.