Жаңылыктар

01.10.2024

Эльдар Алишеров: "ЕАЭБ Ишкер кеңешинин жана ЕЭКтин диалогу – ишкердик коомдоштуктун кызыкчылыгында ийгиликтүү интеграциялык курулуштун ачкычы"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңешинин Президиумунун отурумунда билдирди. Иш-чара 30-сентябрда Ереванда Евразия экономикалык форумунун талааларында болуп өттү.

Эльдар Алишеров ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясы бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп баса белгиледи.

"«Евразия экономикалык жолу» декларациясы – бул, биринчи кезекте, чарбакер субъекттерге ЕАЭБдин өнөктөштөрү менен ишенимдүү бизнес жүргүзүү, ишкердик жана инвестициялык климатты жакшыртуу жана жагымдуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү үчүн керектүү документ", – деп билдирди ЕЭК министри.

Эльдар Алишеров ЕАЭБ Ишкер кеңешинин евразиялык интеграциялык курулуш процесстериндеги өзгөчө ролун белгиледи жана мындан аркы жемиштүү өз ара аракеттенүүгө ишенимин билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө ЕЭК менен ЕАЭБ Ишкер кеңешинин эл аралык өнөктөштөр менен өз ара иштешүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду. Эльдар Алишеров эскертип өткөндөй, Комиссия региондун негизги экономикалары, эл аралык регионалдык уюмдар жана бирикмелер, анын ичинде КМШ, ШКУ, АСЕАН жана башка башкалар, ошондой эле профилдик эл аралык түзүмдөр менен кызматташат.

"ЕАЭБдин кеңири эл аралык күн тартиби Комиссияга ЕАЭБдин Ишкер кеңеши менен өз ара аракеттенүүдө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана үчүнчү өлкөлөрдүн ишкер түзүмдөрүнүн жана бизнесинин өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду активдештирүү үчүн аянтчаларды берүүгө, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрү тарабынан уюштурулган көчмө бизнес-миссиялардын аянтчаларын евразиялык интеграция маселелерине арналган сессияларды өткөрүү үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берет", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.

Жыйынтыгында ал ЕАЭБ мамлекеттеринин бизнесинин жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн үчүнчү өлкөлөргө бизнес-миссияларды өткөрүү боюнча иштерге жигердүү кошулууга чакырды.

"Биз максималдуу айкын иш алып барып, диалогго ачыкпыз жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аракеттерибиз жана пландарыбыз жөнүндө дайыма маалымдап турабыз", – деп жыйынтыктады Эльдар Алишеров.