Жаңылыктар

01.12.2022 (Обновлено: 13.12.2022 10:42)

ФАО жана ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн агроөнөр жай комплексиндеги биотехнология боюнча биргелешкен вебинар өткөрүштү

29-30-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте “Өсүмдүктөрдүн селекциясындагы заманбап биотехнологиялар жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн генетикалык модификацияланган сортторунун үрөндөрүн жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча эл аралык тажрыйба” деген темада вебинар өткөрдү.

«Заманбап биотехнологиялар айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок курчап турган чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна атайын эмес, кокустан зыян келтирүү тобокели да бар. Ошондуктан эл аралык серепчилер сунуштай турган мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен бул чөйрөнү тең салмактуу жөнгө салууну иштеп чыгуу маанилүү», – деди иш-чараны ачып жатып ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.

Өз кезегинде башкы директордун орун басары, ФАОнун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Владимир Рахманин төмөнкүлөрдү белгиледи: 

«Тармактык, прикладдык илимди жана айрыкча биотехнологияны өнүктүрүү айыл чарбасында сапаттык жаңы трансформациялар үчүн кеңири перспективаларды ачат. Узак мөөнөттүү перспективада бул технологиялар туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги шарты болуп калышы мүмкүн».


Вебинарга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү катышты, иш-чарага каттоо ачык болду.

Спикерлер генетикалык жактан модификацияланган организмдерди колдонуунун тобокелдиктерин баалоо ыкмаларын, биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколунун жоболорун, ГМОну жөнгө салуу боюнча Түштүк Кореянын жана Европа Бирлигинин тажрыйбасын көрсөтүштү. Иш-чаранын жыйынтыктары ЕАЭБ алкагында үрөн рыногун өнүктүрүү жана Бирликтин агроөнөр жай секторунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы интеграциялык иштерде эске алынат.

Иш-чара Европа жана Борбордук Азия үчүн ФАОнун Аймактык өкүлчүлүгүнүн жана ФАОнун Россия Федерациясы менен байланыш кеңсесинин аракеттеринин аркасында мүмкүн болду.

Маалымат
Иш-чара 2013-жылдын 12-ноябрындагы Евразия экономикалык комиссиясы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында өттү.