Жаңылыктар

21.06.2022 (Обновлено: 05.07.2022 10:57)

ЕАЭБ мамлекеттери твоарларды эсепке алуу тутумун колдоно баштайт

ЕАЭБ мамлекеттерине 2015-жылдын 16-октябрындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагына товарларды алып келүү жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протокол менен каралган, товарларды эсепке алуу тутумуна жетүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат. Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тийиштүү тескемени кабыл алды.
Тескемени ишке ашыруу алып коюулардын тизмегине киргизилген товарларды Казакстан Республикасынан башка мамлекеттерге алып чыгууда документтердин кагаз көчүрмөлөрүн колдонуудан баш тартууга мүмкүндүк берет, ал эми бул Казакстандын бизнесине жүктөмдү азайтат, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарына заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен Бирликтин ичинде товарлардын өткөрүлүшүнүн мыйзамдуулугун контролдоого мүмкүндүк берет.
"Контролдук жүктөмдү Бирликтин укугунун аткарылышына зыян келтирүүсүз азайтуу үчүн оптималдуу чечимдерди издөө мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын приоритеттүү милдеттеринин бири болуп саналат", – деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов.