Жаңылыктар

21.06.2022 (Обновлено: 04.07.2022 17:31)

Комиссия ЕАЭБдин өнөр жай чөйрөсүндөгү өндүрүштүк жана илимий-техникалык кооперацияны демилгелөөгө кылдат көңүл бурат

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндө импортту алмаштырууну жана жаңы, атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын өндүрүшүн демилгелөө максатында өнөр жай чөйрөсүндө, айрыкча машина курууда өндүрүштүк жана илимий-техникалык кооперацияны демилгелөөгө, тармактын инновациялык өнүгүүсүнө кылдат көңүл бурат.

            

Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Минскте "Жаңы экономикалык сыноолор шарттарында илимий-техникалык кызматташтык ЕАЭБдин өнүгүүсүнүн негизи катары: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясынын алкагында өткөрүлгөн "Машина курууну өнүктүрүү жана материалдардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү өнөр жай жана илимий-техникалык кызматташтыктын перспективалары жөнүндө" деп аталган секциянын отурумунда билдирди.

Машина куруу тармагында продукциянын жаңы түрлөрүн өндүрүү жана жаңы материалдарды иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБдин илимий жана кооперациялык потенциалын пайдалануу дискуссиянын негизги темаларынан болду.

"Машина куруу тармагын ЕАЭБде импортту алмаштыруу потенциалы боюнча лидер деп атоого болот, анткени машиналарды жана жабдууларды өндүрүү, автомобиль куруу, компьютерлерди, электрондук жана оптикалык буюмдарды жана химиялык продукцияны өндүрүү импортту алмаштыруунун жалпы потенциалынын 60%дан ашык бөлүгүн түзөт, – деп Артак Камалян баса белгиледи. – Комиссия аларды Бирликтин өлкөлөрүндө өндүрүү максатка ылайыктуу болгон, айыл чарба техникасы үчүн импорттук себилдегичтердин жана түйүндөрдүн тизмегин түздү. Биз ЕАЭБ мамлекеттеринин ишканаларынын ортосунда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан тутумдук иш практикалык натыйжаларды берүүдө. Бул жылы "Прогресс" Өнөр жайчылар бирлиги түзүлүп, ага Россиянын жана Беларустун айыл чарба машиналарын куруу боюнча ири компаниялары кирди – "ПТЗ" АК, "МТЗ" ААК жана "Гомсельмаш" ААК.

ЕЭК министринин пикири боюнча, учурда жаңы материалдарды өндүрүүдөгү технологиялык инновациялар бүткүл өнөр жайында, анын ичинде машина курууда импортту алмаштыруу шарттарын түзүү үчүн аныктоочу фактор болуп саналат. Буга байланыштуу ЕЭК мүчө мамлекеттер менен биргеликте айыл чарба машиналарын куруу, автомобиль өнөр жайы жана темир жол транспорту, азык-түлүк жана түтүк өндүрүү тармактары, атайын арналыштагы бөлүктөрдү өндүрүү үчүн мыктыланган технологиялык мүнөздөмөлөрү менен металлдарды иштеп чыгууну камтыган металлургиялык продукциянын жаңы түрлөрүн өндүрүү, ошондой эле коррозияга туруктуу эритмелерди өндүрүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын перспективдүү багыттарынын тизмегин аныктаган. ЕАЭБдин алдыңкы металлургиялык ишканалары мындай долбоорлорго кызыгуусун билдиришти.

"Бул тармактык аянтчадагы талкуулар биздин өлкөлөр үчүн машина куруу жана жаңы материалдарды өндүрүү чөйрөсүндөгү инновациялык өнүгүүнүн жаңы перспективаларын ачууга жана, натыйжа катары, импортту алмаштыруу, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү, аны дүйнөлүк рынокко илгерилетүү боюнча чаралардын алкагында өлкөлөрүбүздүн иш-аракеттеринин координациялангандыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деди Артак Камалян. 

ЕЭК министри ЕАЭБдин ишканаларынын импортту алмаштыруудагы жогорку потенциалын белгиледи. Анын айтуусу боюнча, COVID-2019 пандемиясынын кесепеттерине карабастан, 2021-жылда мүчө мамлекеттердин ортосундагы кооперациялык жеткирүүлөр 40%дан ашкан (бүткүл 2015-2020-жж. мезгили үчүн көлөмгө барабар).

"Импортту алмаштыруу стратегиясын ЕАЭБдин ар бир мамлекети өз алдынча ишке ашырганда анын натыйжалуулугу азыраак болот, анткени өлкөлөрдүн ички рынокторунун чектелген сыйымдуулугу масштабдан келип чыгуучу натыйжага жетүүгө жана продукциянын өзүнчө алынган түрлөрү боюнча дүйнөлүк лидерлер менен бирдей шарттарда атаандашууга мүмкүндүк бербейт. ЕЭКтин аянтчасында Өнөр жайдын приоритеттүү жана жогорку технологиялык тармактарындагы кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия иштейт. Бул иштин баарын биз Бирлигибизде өнөр жай кооперациясы жеңилирээк, тезирээк жана натыйжалуураак өнүгүшү үчүн, ал эми ЕАЭБдин өнөр жай комплекси күн сайын күчтүүрөөк болушу үчүн жасап жатабыз", – деди Артак Камалян.

Маалымат

"Машина курууну өнүктүрүү жана материалдардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү өнөр жай жана илимий-техникалык кызматташтыктын перспективалары жөнүндө" секциясынын отурумуна Россиянын жана Беларустун илимий жана бизнес-коомдоштуктарынын, анын ичинде "И. П. Бардин атындагы ЦНИИчермет" ФМУИнин жана машина куруу секторунун ири компанияларынын өкүлдөрү катышышты.