Жаңылыктар

07.06.2022 (Обновлено: 16.06.2022 17:15)

ЕЭК министри Варос Симонян: "Санариптештирүүнүн арымы биздин интеграциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жагымдуулугун аныктайт"

Биздин интеграция келечекте канчалык атаандаштыкка жөндөмдүү жана жагымдуу болоору Бирликтин санариптик трансформациясын өнүктүрүүдөн жана аны жөнгө салуудан көзкаранды. Бул туурасында 7-июнда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян "ТИБО-2022" IV Евразиялык санариптик форумунун пленардык жыйынында билдирди.

"Санариптештирүү дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн арымын тездетти. Кызматташтыктын өзгөрбөгөн жана бул өзгөрүүлөргө ылайыкташпаган бардык форматтары процесстердин трансформациясынын төмөн ылдамдыгына дуушар болот", - деп эсептейт Варос Симонян.

Варос Симонян санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана кесепеттери, анын эгемендүүлүктү жана адам укуктарын коргоого тийгизген таасири, ошондой эле санариптик революция доорунда санариптик долбоорлорду масштабдоо үчүн ЕАЭБдин ролу туурасында теманы козгоду.

Ал белгилегендей, азыркы учурда Бирликтин мүчө мамлекеттеринин колдонуудагы мыйзамдык базасы маалыматтарды жүгүртүү чөйрөсүн ар кандай деңгээлде жөнгө салат. Бирликтин өлкөлөрүндө бир өлкөнүн чегинде маалыматтарды локалдаштыруу боюнча талаптар түзүлгөн, электрондук идентификациялоонун ыкмалары чектелген.

Өз кезегинде, Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте жеке маалыматтарды коргоо маселелерин кошо алганда, Бирликте маалыматтарды жүгүртүү жөнүндө эл аралык макулдашууну иштеп чыгууга киришти. Документтин үстүндө иштөө 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Санариптик форумдун талааларында болуп өткөн, Евразия экономикалык бирлигинде санариптик трансформация маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө эл аралык келишимди даярдоо маселелери талкууланды.

"Дал ушул биргелешкен санариптик долбоорлор аркылуу келечекти тез жана натыйжалуу "сезүүгө", ык-амалдарды шайкеш келтирүүгө жана улуттук өкмөттөрдүн иш-аракеттерин синхрондоштурууга болот, жана аны менен евразиялык мейкиндикте Бирликтин өлкөлөрүнүн санариптик трансформациясынын улуттук сегменттеринин "санариптик жетилгендигине" ченемдүү санариптик долбоорлордун интероперабелдүүлүгүн камсыздайт", - деп белгиледи ЕЭК министри.

Маалымат

"Тибо" - телекоммуникация, маалымат жана банк технологиялары боюнча эл аралык адистештирилген көргөзмө жана конгресс. Быйылкы жылы 6-июндан 10-июнга чейин Минскте (Беларусь Республикасы) өттү. Бул аянтчада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн IT-чөйрөдөгү жетишкендиктери топтолгон. Көргөзмөгө келгендер санариптик жаңылыктарды көрүп жана сынап көрө алышат. Катышуучулар үчүн санариптик мамлекет, "акылдуу" шаарлар, бизнес жүргүзүүнүн смарт-технологиялары жана башкаларды ачык талкуулар уюштурулду.