Жаңылыктар

27.05.2022 (Обновлено: 21.06.2022 11:08)

Евразия экономикалык форумунда ЕАЭБ алкагында туризм тармагын өнүктүрүүнүн жаңы жолдору талкууланды

26-майда Евразия экономикалык форумунун алкагында өткөн "Туризм тармагы - экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн жаңы баскычы" тематикалык сессиясында эксперттер туризмди өнүктүрүү жөнүндө кеп кылышты. Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекитилген, 2025-жылга чейин евразиялык интеграцияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык планга туризм чөйрөсү экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири катары киргизилген.

Бирлик өлкөлөрү бирикменин максаттарынын бири – евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн экономикаларын бекемдөө үчүн шарттарды түзүү каражаты катары туризмди өнүктүрүү үчүн чоң маданий жана табигый дараметке ээ. Жаңы жумуш орундары, экономиканын чектеш чөйрөлөрүн өнүктүрүү, өз ара инвестицияларды көбөйтүү ЕАЭБ элдеринин жашоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге дүйнөлүк экономика боюнча алганда, эң динамикалуу жана жогорку кирешелүү тармактардын бири катары - туризм тармагы акыркы жылдары бардык жерде кыйынчылыктарга туш болууда. Евразиялык интеграциянын потенциалы кыйынчылыктарды жеңүүгө өбөлгө түзө алат.

"Азыркы учурда ЕАЭБ өнүгүүнүн жаңы баскычында турат - биздин өлкөлөрдүн президенттери 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын бекитип, анын алкагында туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар каралган", - деди ЕЭКтин ишкердик ишмердикти өнүктүрүү боюнча департаментинин директору Ермек Куантыров.

Панелдик дискуссиянын жүрүшүндө катышуучулар туристтик бизнести жүргүзүү үчүн жаңы экономикалык шарттарды, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө гана эмес, жалпы евразиялык мейкиндикте туризмди өнүктүрүү үчүн Бирликтин потенциалын максималдуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Дискуссиянын катышуучулары өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн, тажрыйба алмашуунун жана туризм секторун жөнгө салуунун мыкты эл аралык тажрыйбаларын колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Туризмдин келечектүү түрлөрүн, анын ичинде билим берүү, медициналык жана медициналык реабилитация туризмин өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

"Бирлик өлкөлөрүнүн туризм чөйрөсүндөгү кесиптик бизнес-бирикмелери туризм чөйрөсүндө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн тыгыз байланыштарды түзүүнү каалоолорун билдиришти", - деп билдирди тематикалык сессиянын модератору, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Самат Шатманов.

Ошондой эле Евразия экономикалык форумунун алкагында, тематикалык сессиянын аянтчасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туристтик бизнес-ассоциацияларынын жетекчилери Бирликтин аймагында туристтик рынок жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды ыкчам алмашуу куралы катары Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.