Жаңылыктар

26.05.2022 (Обновлено: 14.06.2022 17:02)

Бишкекте өткөн форумда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергокоридорлорун түзүүнүн келечеги бааланды

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн энергетикалык коридорлорун түзүүнүн келечеги - энергетикалык жана транспорттук инфраструктурага арналган панелдик дискуссияда талкуунун темасы болду. Бул чөйрөдөгү эксперттер өз ой-пикирлерин 26-майда Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форуму-2022 аянтчасында алмашышты.

Тематикалык сессиянын катышуучулары белгилегендей, глобалдык чакырыктар, дүйнөлүк экономиканын каатчылыгы жана санкциялык басым күчөгөн шарттарда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, алардын туруктуу өнүгүүсүнө коркунуч туудурган тышкы шарттардан, процесстерден жана факторлордон көзкарандысыздык маселелери өзгөчө актуалдуу болууда.

Мындай кырдаалда евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторунун жана өлкөлөр макулдашылган энергетикалык саясатты жүргүзүүсүнүн ролу жана баалуулугу күчөйт. Кеп биринчи кезекте атаандаштыкка жөндөмдүү энергетикалык рынокторду түзүү менен, жыйынды энергетикалык потенциалды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө болууда.

Ошол эле учурда мүчө мамлекеттердин күч-аракеттери ЕАЭБ алкагында ресурстук базаны түзүүгө, суроо-талапты жана сунушту болжолдоого, энергетика секторуна инвестицияларды тартууга, энергия менен камсыздоонун коопсуздугуна жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө байланышкан маселелерге багытталууга тийиш.

"Учурдагы шарттарда көңүлдү каатчылыктын терс кесепеттерин жоюуга топтоо, евразиялык интеграциянын артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануу боюнча күч-аракеттерибизди бириктирүү маанилүү", - деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбеков.

Мүчө мамлекеттердин энергетика тармактарын өнүктүрүүнүн келечеги туурасында өз көз караштары менен Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Беларустун энергетика министрлери бөлүшүштү.

Россиянын Энергетика министрлигинин башчысы Николай Шульгиновдун пикири боюнча, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жаңы өткөрмө түтүктөрдү куруп жана иштеп жаткан түтүктөрдү кеңейтүү керек. Түштүк Азияга карай газ түтүк куруу боюнча долбоордун олуттуу келечеги бар. Ошондой эле ал коопсуздук маселелерин жана газ жана башка өнүмдөрдү жеткирүү боюнча жаңы коридорлорду кайрадан карап чыгууга түрткү берип жаткан кескин өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү.

Шульгинов Россия Федерациясы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн координациялык энергокеңешинин курамында байкоочу статусуна ээ экендигин, бирок анын толук укуктуу мүчөсү болууну каалагандыгын эске салды. "Бүгүнкү күндөгү жакынкы пландарда 2009-жылы бирдиктүү тутумдан чыккан Тажикстандын энерго тутуму менен айкалышуу каралган. Бирок, Россия, Кыргызстан жана Казакстан кызыкдар болгон CASA-1000 маанилүү долбоор дагы бар", - деп Николай Шульгинов ЕАЭБ алкагында мындан аркы кызматташуунун келечеги туурасында маалымат бөлүштү.

РФ министри Сибирден Кыргызстанга жана Казакстанга энергия агымы мүмкүн экендигин болжолдоду, бул өз кезегинде бардык көйгөйлөрдү азайтууга мүмкүндүк берет жана интеграцияны натыйжалуу пайдалануунун элементтеринин бири болуп калмакчы. "Регионалдык кооперация бизге күчтүү коркунучтарга каршы турууга жана интеграцияны күчөтүүгө жардам берет", - деп жыйынтыктады ал.

Маалымат

Евразия экономикалык форуму ЕАЭБ органдарында төрагалык кылган Бирликтин мамлекетинде жыл сайын кезек менен өткөрүлүүчү, Евразия экономикалык бирлигинин экономикалык чөйрөдөгү ишкердик иш-чарасы болуп саналат. 

Форумга катышуу акысыз. Евразия экономикалык форумунун программасы менен расмий сайттан таанышууга болот. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү