Жаңылыктар

30.06.2022 (Обновлено: 12.07.2022 12:18)

Булгоочу ишканаларга жашыл технологияларды пайдалануу үчүн шарттарды жана стимулдарды түзүү зарыл

"Евразия экономикалык бирлигинде климаттык күн тартибинин жана жашыл экономиканын приоритеттерине жеке көз карашты түзүүгө жана илгерилетүүгө умтулуу бар", – деп ЕЭКтин макроэкономикалык саясат департаментинин экономикалык саясат стратегиялары бөлүмүнүн башчысы Андрей Пантелеев 30-июнда Гродно шаарында болуп өткөн IX Беларусь жана Россия региондорунун форумунда сөз сүйлөп жатып билдирди.


Форумга Беларусь Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана Россия Федерациясынын федералдык аткаруучу бийлик органдарынын, Беларустун жана Россиянын интеграциялык түзүмдөрүнүн, илимий коомдоштуктарынын өкүлдөрү катышышты.

"Биз жашыл экономика түшүнүгү парник газдарына басым жасаган климаттык күн тартибинен бир кыйла кеңирирээк экендигин жана комплекстүү, илимий жактан негизделген экологиялык-климаттык жөнгө салуу тутумун киргизүүнү караштырарын негиз катары алабыз", – деп Андрей Пантелеев "Жаңы эл аралык климаттык күн тартибинин алкагында Беларустун жана Россиянын кызматташтыгы" секциясынын алкагында билдирди.

ЕЭК өкүлүнүн айтуусу боюнча, илимпоздордун эсептөөлөрү биздин өлкөлөрдө пайдаланылбаган жаратылыш-экологиялык рента канчалык чоң экендигин көрсөтүп турат. Алсак, Россия Федерациясында учурда атмосфералык абаны булгагандык үчүн жыйналып жаткан төлөмдөр иш жүзүндө келтирилип жаткан зыяндын абдан эле аз үлүшүн түзөт – болжол менен 0,3-0,4%. Россиянын жаратылыш потенциалынын активдеринен потенциалдуу кирешенин жалпы орточо бааланышы же, башкача айтканда, аба бассейнин булгоодон бааланбаган зыян жана эсепке алынбаган суу рентасы 2,7 трлн рублду түзөт.

"Бул ресурсту биздин туруктуу өнүгүү муктаждыктарыбыз үчүн капиталдаштыруу зарыл. Бул экологиялык жана ийкемделүү боюнча долбоорлорду каржылоонун стабилдүү булагы болушу жана айлана-чөйрөнүн булганышын азайтууга өбөлгө түзүшү мүмкүн", – деп эсептейт Андрей Пантелеев.

Макроэкономикалык саясат департаментинин экономикалык саясат стратегиялары бөлүмүнүн кеңешчиси Антон Кудасов өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө ЕАЭБ өлкөлөрү, биринчи кезекте, Россия жана Беларусь экология жана климат жаатындагы мыйзамдарды активдүү түрдө аракетке киргизүүдө деп баса белгиледи. 2021-жылда эле Россияда жашыл күн тартибине тиешелүү 530 ченемдик документ кабыл алынды.

"Натыйжада биз жакынкы бир-эки жылдын ичинде экология жаатындагы интеграция боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн бири-бири менен шайкеш келтирилбеген улуттук мыйзамдарынын буга чейин болуп көрбөгөн чоң массивин алабыз. Жана бул массив экономиканын бардык секторлоруна тиешелүү. Бул, өз кезегинде, жалпы рынокто жаңы тоскоолдуктардын пайда болушуна алып келет, – деди Антон Кудасов. – Бул маселени улуттук талаптарды өз ара таануунун негизинде чечүүгө болот деп ишенем".

Улуттук экологиялык жана климаттык эрежелерди өз ара таануу принцибин базалык эл аралык келишимдерге болгону бир гана беренени кошуу аркылуу ишке ашырууга болот. Эгер муну кылбасак, анда жүздөгөн же жадагалса миңдеген улуттук ченемдик актыларды бир түргө келтирүүгө аргасыз болобуз.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча резолюцияда катышуучулар климаттын өзгөрүшү негизги глобалдык көйгөйлөрдүн катарына кирет деп белгилешти. Климаттын өзгөрүшүнөн улам улуттук экономикалардын алдында жаратылышка антропогендик таасирди азайтууга, орун алып жаткан климаттык өзгөрүүлөргө ийкемделүүгө байланыштуу, ошондой эле тышкы басымды жасоо үчүн климаттык күн тартибин пайдаланууга байланыштуу таасирденүүнү талап кылган сыноолор пайда болууда.

Булгоочу ишканаларга жашыл технологияларды жана жабык циклдүү экономиканын моделдерин пайдалануу үчүн шарттарды жана стимулдарды түзүү зарыл.