Өзгөртүүлөр экспресс-жүктөр үчүн декларацияларды түзөтүүнү толтуруу өзгөчөлүктөрүн аныктоого мүмкүнчүлүк берет, ал эми бул өз кезегинде пилоттук долбоорду ишке аышрууда алдын ала декларациялоону колдонууга, ошондой эле бажы декларациясында мурда берилген маалыматтарды түзөтүүгө мүмкүндүк берет.
"Биз декларациянын өзүн толтуруу өзгөчөлүктөрүн аныктадык. Бирок тажрыйба декларацияны түзөтүү үчүн да мындай өзгөчөлүктөр талап кылынарын көрсөттү. Башкача айтканда, биз жолго коюлган иш-тажрыйбаны жетечиликке алып, ЕЭК Кеңешинин тескемесин толуктоо боюнча сунуштарды даярдадык", – деп белгиледи Сергей Владимиров.Ошондой эле, отурумдун алкагында товарларды ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырууда 1000 еврого чейинки экспресс-жүктөр үчүн декларацияны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн зарыл болгон, экспресс-жүктөр үчүн товарларга карата декларациялардагы маалыматтарды мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосунда алмашуу маселеси талкууланды.
Ошондой эле, эксперттер экспресс-жүктөр үчүн декларацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин жалпысынан макулдашышты.
Маалымат
Комиссиянын Кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 7 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде тышкы электрондук соода жаатындагы пилоттук долбоорду (эксперимент) ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" тескемесине ылайык, пилоттук долбоор боюнча иш 2021-жылдын 1-июнунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин өткөрүлөт. Комиссиянын Коллегиясынын 2021-жылдын 3-августундагы №№ 93, 94 жана 95 чечимдери жана Комиссиянын Кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 81 чечими менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө интернет-аянтчаларындагы товарлар менен тышкы электрондук соода жүргүзүү жаатындагы пилоттук долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берген документтердин пакети бекитилген.