Жаңылыктар

16.08.2022 (Обновлено: 25.08.2022 09:52)

Кол менен иштетилүүчү электр куралдары үчүн себилдегичтерге карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк коюму бир жылга узартылат

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы кол менен иштетилүүчү электр куралдарын өндүрүү үчүн себилдегичтердин айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк коюмдарынын аракеттенүү мөөнөтүн 2023-жылдын 30-июнуна чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

"Бул бажылык-тарифтик жөнгө салуу чарасы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө кол менен иштетилүүчү электр куралдарын өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, алардын өндүргөн продукциясынын көлөмдөрүн өстүрүүгө жана ассортиментин кеңейтүүгө багытталган", – деп белгиледи ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Наталия Самойлова.

Ал азыркы учурда каралып жаткан себилдегичтер ЕАЭБдин аймагында чыгарылбайт деп тактады. Ошол эле мезгилде, себилдегичтердин айрым түрлөрүн чыгарууну жолго коюуга мүмкүндүк берген, учурда иштеп жаткан өндүрүштүк базанын болушун эске алуу менен, Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосунда кол менен иштетилүүчү электр куралдарын өндүрүү чөйрөсүндөгү кооперациялык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу маселесин иштеп чыгуу жөнүндө келишкендиктерге жетишилди.

Алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк коюмдарын колдонуунун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында ЕЭК Коллегиясынын чечимин 2022-жылдын 1-июлунан тарта пайда болгон укук мамилелерине карата колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Комиссиясынын бир катар башка актыларына да тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилмекчи.

Маалымат

Кол менен иштетилүүчү электр куралдарына үшкүлөр, перфораторлор, отвёрткалар, сокку аракети менен пневматикалык ачкычтар, сай чыгаруучу жана курчутуучу станоктор, жылмалоочу жана жылтыратуучу машиналар, араалар, бычактар жана кайчылар, сүрүүчү станоктор, барскандар кирет.

ЕЭК Коллегиясынын 2020-жылдын 7-апрелиндеги № 44 чечимине ылайык, продукциянын аталган түрлөрү үчүн айрым себилдегичтер ЕАЭБ ТЭИ ТНде бөлүнүп көрсөтүлгөн (ыйгарым укуктуу орган алып келинип жаткан товардын максаттуу арналышын тастыктаган шартта), ал эми 2020-жылдын 5-июнунан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөткө аларга карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк коюму белгиленген.