Жаңылыктар

01.01.1970 (Обновлено: 08.04.2022 16:25)

Темир жол транспорту чөйрөсүндөгү стандарттардын тизмектери жаңыланды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бирликтин темир жол транспортунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттерине карата стандарттардын тизмектерин актуалдаштырды. Стандарттардын тизмектери темир жол транспортуна карата техникалык регламенттердин 2022-жылдын 6-апрелинде күчүнө кирүүчү жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу жаңыланды.

Стандарттардын тизмектеринин жаңы редакциялары эксперттердин жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте Россиянын Транспорт министрлиги тарабынан иштелип чыкты.

Аларды колдонууга ийкемделүү жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредиттөө максатында айрым мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттарга карата өткөөл мезгил белгиленген.

Жаңы стандарттарды техникалык регламенттин жаңы редакциялары менен өз ара байланышта жакынкы убакытта колдонуу максатында ЕЭК Коллегиясынын чечими 10 күндөн кийин күчүнө кирмекчи.