Жаңылыктар

11.01.2022 (Обновлено: 31.01.2022 17:50)

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчыларына КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасы 2022-жылдын 1-январында Евразия экономикалык бирлигинин органдарындагы төрагалыкты кабыл алды.

Өткөн жылда биз масштабы боюнча буга чейин болуп көрбөгөн глобалдык өзгөрүүлөргө, анын ичинде коронавирустук инфекция пандемиясына күбө болдук, алар дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө олуттуу зыян келтирип, ар бир өлкөдөгү коомдук-экономикалык жагдайга зор таасир тийгизди.

Экономикалык стабилдүүлүккө жана коопсуздукка түздөн-түз таасир берген климаттык өзгөрүүлөрдү жана айлана-чөйрөгө антропогендик таасирди камтыган бул жагдайларга карабастан, өткөн жети жылдын ичинде Евразия экономикалык бирлиги өзүнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн далилдеди, ал эми анын катышуучу мамлекеттери Бирликтин принциптерин жана максаттарын жактоочулугун көп ирет тастыкташты.

Экономикалык стабилдүүлүктүн бүгүнкү күндөгү глобалдык жана регионалдык коркунучтардан, ресурстар рынокторундагы өзгөрүлмөлүүлүктөн көз карандылыгы макулдашылган натыйжалуу экономикалык чечимдерди кабыл алууну жана терс факторлордун Бирликтин мамлекеттеринин экономикаларына таасирин тизгиндөө үчүн узак мөөнөттүү мүнөздөгү натыйжалуу механизмдерди киргизүүнү талап кылат.

Биздин интеграциянын туруктуу өнүгүүнүн узак мөөнөттүү темптерине чыгуусун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы өзү төрагалык кылган жылда төмөнкү багыттарга басым жасоону сунуш кылат.

Биринчи кезекте – бул евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарына киргизилген максаттарга жетүү. Бул жерде Бирликтин бардык мүчө мамлекеттеринин тыгыз өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин ар бир органынын Стратегияны ишке ашыруу боюнча ишин улантуу зарыл.
Келишимде бекитилген "төрт эркиндик" принцибин камсыз кылуу маанилүү. Бул багыттагы иш компромиссиз улантылып, тандалма мүнөздө болбоого тийиш.

Биз тоскоолдуктарды ыкчам жоюу жана алардын кайра пайда болушуна каршы аракеттенүү үчүн натыйжалуу механиздерди иштеп чыгышыбыз жана киргизишибиз зарыл.

Бул маселе боюнча натыйжаларга жетүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин сот тармагына тийиштүү статусту ыйгарып, Комиссиянын Коллегиясына кошумча ыйгарым укуктарды берүү зарыл.

Глобалдык турбуленттүүлүк жана өзгөрүлмөлүүлүк шарттарында улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, мүчө мамлекеттердин экономикаларына тышкы факторлордон улам пайда болгон инфляциялык таасирди азайтуу үчүн өнөр жай жана агроөнөр жай тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл.

Буга байланыштуу биз мүчө мамлекеттерде өндүрүш кубаттуулуктарын жергиликтештирүүнү, өнөр жай кооперациясын күчөтүүнү, анын ичинде айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу жана экономикаларыбыздын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында аларга маалыматтык, инновациялык жана "жашыл" технологияларды киргизүүнү караштырган биргелешкен программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгышыбыз зарыл.
Ошону менен катар, мейкиндик өнүгүүнү болжолдоо жана импортту алмаштыруу боюнча биргелешкен долбоорлорду, мыкты илимий-техникалык жана инновациялык иштелмелерди колдонуу жана бул процесске каржылык өнүгүү институттарын жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринин илимий потенциалын тартуу менен, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тутумун иштеп чыгуу зарыл.

Бүгүнкү күндө Бирликтин мүчө мамлекеттеринде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси актуалдуу бойдон калууда. Бул жерде баа шокторун азайтуу жана айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн баланстуулугун камсыз кылуу үчүн макулдашылган агроөнөр жай саясатын жүргүзүү максатка ылайыктуу.

Мындан сырткары, Бирликтин ичинде өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн ортосунда түздөн-түз ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, товар өткөрүүчү тутумдарды жана логистика инфраструктурасын түзүү биринчи муктаждыктагы товарлардын негизги топторуна баалар менен манипуляцияларды олуттуу түрдө азайтууга мүмкүндүк берет.

Пандемияга байланыштуу учурдагы жагдай жана айрым мүчө мамлекеттерге болгон тышкы экономикалык басым Бирликтен мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө максаттуу көмөк көрсөтүү тутумун түзүү үчүн бир кыйла интенсивдүү жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылууда.

Мүчө мамлекеттердин улуттук экономикаларын колдоо критерийлерин жана принциптерин, ошондой эле инклюзивдүү өнүгүү жана өлкөлөрүбүздүн экономикалык өсүш темптерин жакындатуу максатында мындай колдоону камсыз кылуу үчүн аспаптарды аныктоо зарыл. Мамлекеттерибиздеги социалдык-экономикалык жагдайга басымды азайтуу үчүн мунун баары Стратегиялык багыттарда аныкталган мөөнөттөрдө ишке ашырылууга тийиш.
Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясы мүчө мамлекеттердин аймагында транспорт инфраструктурасын түзүүнү жана Евразия экономикалык бирлигин "Бир алкак – бир жол" кытай демилгеси менен байланыштыруунун алкагында аны "Чыгыш-Батыш" жана "Түндүк-Түштүк" багытында өнүктүрүүнү камтыйт.
Мүчө мамлекеттердин жана жалпы эле Бирликтин экономикаларына оң таасир берүүчү инфраструктуралык долбоорлордун пулун түзүүнү, ошондой эле аларды ишке ашыруу механизмин түзүүнү сунуш кылабыз.
Мисалы, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча маанилүү долбоорду илгерилетүү жана андан ары ишке ашыруу максатка ылайыктуу көрүнөт.

2022-жылда Бирликтин климаттын өзгөрүү чакырыктарына таасирденүүнүн координацияланган чараларын иштеп чыгууга жана климаттык күн тартибинин алкагында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин айлана-чөйрөнү коргоого жана экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган мамилелерин жакындатууга, мүчө мамлекеттердин жана жалпы эле Бирликтин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга басым жасашы максатка ылайыктуу.

Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсү Бирликтин мүчө мамлекеттеринин эмгек ишмердигин жүргүзүп жаткан жана алардын Бирликтин кайсы болбосун мамлекетинде иштеп жаткандыгынан көз карандысыз толук баалуу жашоо шарттарына ээ болушу зарыл болгон жарандарынын жыргалчылыгы менен тыгыз байланышкан.

Бул жылы мүчө мамлекеттердин эмгекчилерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө жумушка орношуу мамлекетинде жумушка орношуу мамлекетинин жарандары үчүн шарттардагыдай шарттарда медициналык жардам көрсөтүүнү камтыган социалдык камсыздоо жаатындагы маселени чечүүгө көңүл бөлүү маанилүү.

Бардык форматтардагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү Бирликтин ишмердигинин приоритеттүү багыты болуп саналат.
Бул контекстте Түштүк-Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш жана Индия-Тынч океан регионунун, Түндүк Африка, ошондой эле Латын Америкасы континентинин өлкөлөрүн камтыган жаңы перспективдүү рынокторго чыгуу максатында соода макулдашууларын түзүү аркылуу үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтыктын диалог форматын да, соода-экономикалык мамилелерди да өнүктүрүү маанилүү.

Ошондой эле, эки бирикменин интеграциялык потенциалын жогорулатуу максатында ЕАЭБдин жана КМШнын жумушчу органдарынын ортосунда КМШнын укуктук базасын жана ЕАЭБ укугун байланыштыруу боюнча өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнү сунуш кылам.

Кызматташтыктын географиясын кеңейтүү, Бирликтин Чоң Евразия өнөктөштүгүн түзүүнүн борборлорунун бири катары позицияланышын жана анын ар бир мүчө мамлекетинин экономикасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, бүткүл Евразия экономикалык бирлигинин кызыкчылыктарын камтууга тийиш экендигине өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Интеграция идеяларын тутумдук таратуу, Евразия интеграциясынын маанилеринин өлкөлөр аралык, ведомстволор аралык, тармактар аралык ишке жана өз ара аракеттенүүгө институционалдык жактан сиңишин демилгелөө, Евразия идеологиясын массалык аң-сезимге, анын ичинде жаш муундарыбыздын аң-сезимине кеңири масштабдуу таратуу багытында Комиссиянын потенциалын өстүрүү зарылчылыгы бышып жетти.
Бул максат үчүн ЕАЭБ Жаштар форумун уюштуруп, аны жыл сайын өткөрүүнү сунуш кылабыз.

2022-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын иштеп баштаганына 10 жыл толот. Бул Бирликтин идеяларын таратуу жана аны коомдо максималдуу натыйжалуулук менен популярдаштыруу үчүн түрткү болуучу маанилүү окуя.

Буга байланыштуу бардык мүчө мамлекеттерде масштабдуу маалыматтык кампанияларды жана иш-чараларды өткөрүүнү сунуш кылабыз.

Кыргыз Республикасы, Бирликтин идеяларын, максаттарын жана принциптерин жактоону улантуу менен, мүчө мамлекеттердин ортосундагы натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Биздин демилгелер колдоого алынат деп үмүттөнөм, ошондой эле ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин кызматташтыгы жана биргелешип өз ара аракеттенүүсү менен Бирликтин потенциалын бекемдөө жана биздин интеграциялык бирикменин андан аркы өнүгүүсү үчүн белгиленген максаттар жана милдеттер ишке ашырылат деп ишенем.

Жогорку Евразия
экономикалык кеңешинин
төрагасы                                                                                                                                                                         С.Н. Жапаров