Жаңылыктар

12.08.2022 (Обновлено: 19.08.2022 13:06)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуучуларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу жактырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуучуларынын административдик кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну жактырды. Макулдашуу натыйжалуу маалымат алмашуу аркылуу керектөөчүлөрдү жана коомду нысапсыз туроператорлордон коргоону камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.

Документ жөнгө салуучулардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт, ал эми бул аларга бири-бири менен маалымат алмашууга жана укук бузуулардын алдын алууга мүмкүндүк берет. Алар башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынан туроператорлордун жоопкерчиликке тартылганды жөнүндө фактылар жана анын негиздери, аларга берилген уруксаттар, туризм рыногунун катышуучулары ж.б. жөнүндө маалыматтарды сурата алышат.

Бул механизмдер бирдиктүү рынокту бүткүл туризм жана чектеш кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө кеңейтүү менен, туризм тармагынын өнүгүшүнө түрткү берет жана ошол эле мезгилде ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн туроператорлоруна жана турагенттерине болгон өз ара ишенимди камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Маалымат

Макулдашуу ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 68-беренесине жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 20-декабрындагы № 12 тескемесине ылайык иштелип чыкты.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу – бул кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү секторунун абалы, анда тараптар басмырлоочу, сандык жана башка чектөөлөрдү колдонушпайт, уруксаттар жана квалификациялар таанылат жана юридикалык жак формасында кошумча түзүүсүз, Бирликтин бүтүндөй аймагында кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.