Жаңылыктар

16.08.2022 (Обновлено: 25.08.2022 10:06)

Төмөн вольттуу жабдууларга жана техникалык каражаттарга карата шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин аракеттенүү тартиптери аныкталды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" жана "Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги" техникалык регламенттерине өзгөртүүлөрдү аракетке киргизүү тартибин белгиледи, алар 2022-жылдын 11-декабрынан тарта күчүнө кирмекчи.

Өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин берилген, төмөн вольттуу жабдуулардын жана техникалык каражаттардын шайкештигин баалоо жөнүндө документтер алардын аракеттенүү мөөнөтүнүн аягына чейин жарактуу болот деп аныкталды. Бул мезгилдин ичинде ага карата мындай шайкештикти баалоо жөнүндө документтер жол-жоболоштурулган продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет.