Жаңылыктар

09.02.2022 (Обновлено: 21.02.2022 14:48)

Метрополитендин кыймылдуу курамына техрегламенттин өткөөл жоболору 2027-жылдын 2-январына чейин колдонулат

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕЭК Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 2-декабрында кабыл алынган "Метрополитендин кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" ЕАЭБ техрегламентине өткөөл жоболорду орнотту жана ал 2025-жылдын 2-январынан тарта күчүнө кирет.

Техрегламент күчүнө киргенден кийин 24 айдын ичинде продукцияны шайкештикти баалоо жөнүндө улуттук документтер боюнча өндүрүүгө жана чыгарууга жол берилет, эгерде алар каралган болсо. Ал эми мындай улуттук жол-жобо каралган эмес болсо, анда продукцияны шайкештикти баалоо жөнүндө документтерсиз өндүрүүгө жана чыгарууга жол берилет.

Өткөөл жоболор техрегламенттин талаптарына этап этабы менен көнүү жана шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди тариздөө үчүн кабыл алынган. Ал эми өткөөл жоболорго ылайык чыгарылган продукцияны анын кызмат мөөнөтүнүн ичинде гана жүгүртүүгө жол берилет.