Жаңылыктар

17.06.2022 (Обновлено: 29.06.2022 12:40)

ПЭЭФ-2022: жаңы экономикалык реалдуулук шарттарында ЕАЭБдин жана Латын Америкасынын соода-инвестициялык кызматташтыгын демилгелөө боюнча конкреттүү сунуштар иштелип чыкты

16-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында болуп өткөн "Россия – Латын Америкасы" Бизнес-диалогунун жүрүшүндө дүйнөлүк экономиканын трансформацияланышы шарттарында ЕАЭБ өлкөлүрүнүн Латын Америка регионундагы өнөктөштөр менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды.


Евразия экономикалык комиссиясынын атынан интеграция жана макроэкономика боюнча министр Сергей Глазьев катышып, ал чыгып сүйлөгөн сөзүнүн жүрүшүндө батыштын санкциялык саясатынын шарттарында пайда болгон соодадагы тоскоолдуктарды жеңүү максатында ЕАЭБдин жана Латын Америка регионунун кызматташтыгын бекемдөө зарылчылыгын белгиледи.

"ЕАЭБди жана Латын Америкасын өз ара аракеттенүүнүн өнүккөн инфраструктурасы – көбүнчө Латын Америка регионунун дээрлик бардык өлкөлөрүн бириктирген эл аралык уюмдар менен кызматташтык жөнүндө меморандумдардын тармагы байланыштырып турат, – деди Сергей Глазьев, – Бирок, биздин экономикалык потенциалыбызга жооп берген товар жүгүртүүнүн ишенимдүү өсүшү түрүндөгү экономикалык натыйжаны алуу үчүн бизди алдыда дагы чоң иш туруп турат, жана бул иш жаңы экономикалык реалдуулукка ылайык түзүлүшү зарыл".

Министрдин пикири боюнча, товардык эсеп-кысаптардын жаңы валюталык тутумуна өтүү ЕАЭБдин жана Латын Америкасынын ортосундагы сооданы сапат жактан жаңы деңгээлге чыгарууга жөндөмдүү болгон керектүү өзгөрүү болуп калышы мүмкүн.

"Биз, санкциялардан улам андан аркы жоготуулардын алдын алуу үчүн, эл аралык укукка негизделген жаңы дүйнөлүк эсеп-кысап валютасын түзүү зарылчылыгынын алдында турабыз", – деп Комиссиянын өкүлү баса белгиледи.

БРИКСтин бир кыйла адилеттүү жана туруктуу дүйнөлүк тартипти түзүү процессиндеги күчөп жаткан ролу жөнүндө айтып жатып, Сергей Глазьев, сессиянын башка спикерлериндей эле, аталган мамлекеттер аралык бирикме жаңы валюталык-каржылык жана соода-экономикалык архитектураны баштоочу "ядро" болуп калышы мүмкүн деген божомолун билдирди.

"БРИКС Евразияда да, Латын Америкасы жана Африкада да жайгашкан өлкөлөрдү камтыйт. Жана бул калкы, экономикасы жана илимий-техникалык потенциалы боюнча батыш дүйнөсүнөн потенциалдуу түрдө чоңураак. Бирок бул бирикменин ишмердиги үчүн натыйжалуу түзүмдөрдү түзүү зарыл", – деп билдирди министр.

Ошондой эле, Сергей Глазьев форумдун аянтчасында Кубанын Министрлер Кеңешинин Төрагасынын орун басары Рикардо Кабрисас менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө тараптар 2021–2025-жылдарга карата Биргелешкен иш-чаралардын планынын алкагында 2022-жылдын үчүнчү кварталына пландаштырылган семинарлардын тематикасын аныкташты. ЕЭК өкүлү Бирликтин жана Кубанын фармацевтика тармагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку деңгээлин белгиледи жана аталган өлкөнү ЕАЭБдин Фармакопея комитетининин алдындагы байкоочунун статусун алгандыгы менен куттуктады.

Рикардо Кабрисас өз кезегинде ЕАЭБ өкүлдөрүн 2022-жылдын ноябрында өткөрүлүүчү FIHAV Гавана эл аралык жарманкесине катышууга чакырып өттү.

Маалымат

2021-жылда Бирликтин Латын Америкасынын өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 54,4%га өсүп, 16,9 млрд долл. түзгөн. Мында Бирликтин экспорту 2,2 эсе көбөйүп, 8,7 млрд долларга, ал эми импорту – 17,3%га өсүп, 8,3 млрд долларга жеткен. Латын Америкасынын өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнүн салыштырма салмагы Бирликтин тышкы соода жүгүртүүсүнүн 2,1% түзөт.

ЕАЭБ жана Латын Америка региону өз ара аракеттенүүнүн алкагында интеграциялык бирикмелер (Анд коомдоштугу, Тынч океан альянсы, Түштүк Америка өлкөлөрүнүн жалпы рыногу (МЕРКОСУР), Борбордук Америкадагы Экономикалык интеграция боюнча катчылык (СИЕКА)) менен диалогду өнүктүрүшөт, ошондой эле бир катар өлкөлөр (Куба, Чили, Перу, Эквадор, Никарагуа, Венесуэла, Гватемала, Аргентина, Колумбия, Мексика) менен кызматташышат.

"Россия – Латын Америкасы" сессиясына Никарагуанын каржы министри Иван Акоста Монтальван, "Инфотехспектр" ЖЧКнын (ГК Ростех) башкы директору Сергей Гореславский, Gazprom EP International BV компаниясынын директорунун орун басары Владимир Илянин, Robotics Lab компаниясынын башкы директору Родриго Кеведо, Борбордук Америка парламентинин президенти Даниэль Ортега Рейес, Венесуэланын вице-президенти Родригес Гомес, Uniao Quimica Farmaceutica Nacional SA компаниясынын директору Рожерио Россо, "ФосАгро" КАКнын башкармасынын мүчөсү Александр Шарабайко ж.б. катышышты.