Жаңылыктар

26.05.2022 (Обновлено: 14.06.2022 16:11)

Бирдиктүү Евразиялык интернет-соода ассоциациясын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы электрондук соода ассоциациялары Бирдиктүү Евразия интернет-соода ассоциациясын түзөт. Тиешелүү макулдашууга Бишкекте Евразия экономикалык форумунун талааларында кол коюлду.

"Өткөн жылдын күзүндө биздин өлкөлөрдүн өкмөт башчылары электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жол картасын бекитишкен, анда башка маселелер менен катар профилдик эл аралык макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууну каралган", - деп эскертти ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев "Электрондук соода: ЕАЭБ бирдиктүү рыногунун инфраструктурасынын тиреги" сессиясынын жүрүшүндө.

Жол картасындагы жаңылыктардын бири боюнча Бирликте ыктыярдуу электрондук соода бирикмелерин түзүү болжолдонгон, алардын ишмердиги өз алдынча жөнгө салуунун негизинде өз катышуучулары үчүн эрежелерди иштеп чыгууга, ошондой эле жарандардын жана ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоого багытталат.

Министр белгилегендей, тышкы электрондук сооданын көлөмү төмөндөп жаткан азыркы шарттарда, Бирликтин ичинде бул тармакты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Анткен менен, учурда ЕАЭБ деңгээлинде каралган укуктук жөнгө салуу, электрондук сооданын өзгөчөлүгүн жетиштүү так эсепке албайт, ал эми Бирлик өлкөлөрүндө ар тараптуу улуттук укуктук базаны түзүү өз ара тоскоолдуктардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.

Түзүлгөн жагдайдан чыгуунун жолу - жол картасында каралган профилдик "кол чатыр" макулдашуусун иштеп чыгуу болуп саналат.

Электрондук соода боюнча макулдашууга киргизүү үчүн сунуштар катары бирдиктүү рыноктун иштешинин универсалдуу ыкмаларын түзүү, Бирликке базалык эрежелерди иштеп чыгуу боюнча компетенцияны берүү, электрондук сооданын катышуучуларынын укуктарын коргоодо жана маалыматтарды жүгүртүүнү жөнгө салууда басмырлабоо принцибин сактоо, ошондой эле электрондук документтерди колдонуу аталды.

"Биз өз кезегибизде керектүү укуктук базаны даярдоого даярбыз. Ал эми калган маселелер боюнча техникалык өз ара аракеттенүүнү бизнеске өз алдынча жүргүзүүнү сунуштайбыз, мисалы ассоциациялардын өз ара иштешүүсүнүн алкагында", - деп жыйынтыктады Андрей Слепнев.

Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигинин ички сооданы өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сергей Лобанов өз сөзүндө Бирликтин ичиндеги электрондук сооданын алкагында кош салык салуу маселесин белгилеп, бул маселе жөнгө салынгандан кийин ал ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ортосунда товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүн күтөрүн айтты. Тышкы соода бөлүгүндө ал параллелдүү импортту мыйзамдаштырууга байланыштуу учурдагы жагдайдын фонунда ачылган мүмкүнчүлүктөрдү көрөт. "Бул азыркы учурдагы өзөктүү чечим болуп саналат, ал жүгүртүүнүн көлөмүн сактап калууга мүмкүндүк берип, андан тышкары өсүштү да камсыздашы мүмкүн", - деп баса белгиледи ал.

Россиялык интернет соода компанияларынын ассоциациясынын президенти Артем Соколов Бирликтин алкагында чек ара аралык форматта соода жүргүзүү үчүн жаңы товардык категорияларды ача ала турган мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи. "Бул азыркы бардык өлкөлөрдө сатыла бербеген алкоголдук ичимдиктерди, дары - дармек препараттарын, зер буюмдарды, БАКтарды жана башка товарларды жеткирүү", - деп түшүндүрдү ал.

OZON башкаруучу директору (Россия Федерациясы) Сергей Беляков интернет-аянтчаны ЕАЭБ мейкиндигинде андан ары кеңейтүүнүн пландары менен бөлүштү: компания азыркы тапта Беларусь Республикасында жана Казакстан Республикасында иштеп жатат жана Армения Республикасына жана Кыргыз Республикасына чыгууга даяр.

Өз кезегинде, Казакстандык интернет бизнес жана мобилдүү коммерция ассоциациясынын президенти Константин Горожанкин Бирлик өлкөлөрүнүн интернет-аянтчаларында "МИР" банктык карталарынын жардамы менен төлөө мүмкүнчүлүгүн тезирээк киргизүүгө чакырып, бул тышкы кысымдан улам жоготулган кардарларды кайтарып алууга жардам берерин түшүндүрдү.

Ошондой эле сессиянын ишине "Соода саясатын өнүктүрүү борборунун (QazTrade)" (Казакстан Республикасы) башкы директорунун орун басары Нурлан Кулбатыров, "Онлайн сатып алууларды өнүктүрүү ассоциациясы" (Армения Республикасы) БӨУнун директору Артак Саргсян катышышты. Сессиянын модератору Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Куренкеев болду.

Маалымат

Бирликтин ичиндеги электрондук соода акыркы бир нече жылда туруктуу өсүштү көрсөттү. Эксперттик баа берүүлөргө ылайык, 2020-жылы болжол менен 502 млн.АКШ долларын, ал эми 2021-жылы 781 млн. АКШ долларын түзгөн.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү