Жаңылыктар

23.06.2022 (Обновлено: 05.07.2022 11:34)

2022-жылдын май айында ЕАЭБде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөө баалары 0,3%га өскөн

ЕАЭБ боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси май айында 2022-жылдын апрель айына салыштырмалуу 100,3%, ал эми 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу – 111,2%ды түздү.

2021-жылдын декабрына салыштырмалуу ЕАЭБде азык-түлүк товарларына (13,5%га) жана азык-түлүк эмес товарларга (12,2%га) баалардын олуттуу өсүшү байкалган. Аталган мезгилдин ичинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалар 6,3%га өскөн.

Россияда азык-түлүк товарларына баалар ЕАЭБ боюнча деңгээлден жогору өскөн (13,8%га). Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң көп өсүшү Беларуста (14,0%га) жана Россияда (13,4%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалар – Беларуста (7,3%га) жана Россияда (6,8%га) байкалган.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Керектөө бааларынын индекси жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.