Жаңылыктар

17.06.2022 (Обновлено: 29.06.2022 12:13)

Сергей Глазьев: "Африка континентин жаңы каржылык-экономикалык архитектураны түзүүдө ЕАЭБ менен кызматташтыкка чакырам"

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 16-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөрүлгөн "Россия – Африка" Бизнес-диалогунун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясы Африка өлкөлөрү, бул континенттин регионалдык жана субрегионалдык бирикмелери менен кызматташтыкты, биринчи кезекте, ишкердик коомдоштуктардын катышуусу менен активдештирүү керек болгон эл аралык ишмердиктин маанилүү жана приоритеттүү багыты катары карайт деп билдирди.

"Бизде өз ара аракеттенүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр гана бар эмес. Бүгүнкү күндө биздин кызматташтыгыбыз бир кыйла интенсивдүүрөөк, тыгызыраак болушу үчүн жана биздин экономикаларыбыз жакындашы үчүн объективдүү шарттарды түзгөн жалпы көйгөйлөр да курч болуп турат. Бизде, биринчи кезекте, бизнестин тили менен айтканда, абдан жакшы "кредиттик таржымал" бар", – деди Сергей Глазьев, – Мүмкүн, биздин товар жүгүртүүбүз анча чоң эместир, бирок мамилелерибиз эч кандай чыр-чатактар менен бузулган эмес. Биз африкалык өнөктөштөрүбүз менен оңой тил табышабыз, жана бул өз ара ишеним бүгүнкү күндө абдан баалуу".

Министрдин пикири боюнча, бул багыттагы эң маанилүү милдеттер экономикалык байланыштарды бекемдөө жана атаандаштык артыкчылыктарды ачуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. "ЕАЭБ азиялык жана африкалык өнөктөштөрү менен биргеликте дүйнөдө биржа товарларын өндүрүү боюнча үстөмдүк кылганын эске алуу менен, Комиссиянын аталган региондордун катышуусу менен жалпы биржа мейкиндигин түзүү боюнча иши Батыш өлкөлөрү менен соода-экономикалык алмашуу шарттарын теңдөөгө өбөлгө түзмөк, аларды бир кыйла адилеттүү, эл аралык укуктун, суверенитетти урматтоонун, адилеттүүлүктүн, өз ара пайдалуулуктун негизинде жаңы дүйнөлүк чарба жүргзүүнү түзүүгө багытталган кылмак", – деди ЕЭК өкүлү.

Ошондой эле, Сергей Глазьев Африкадагы өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жаңы валюталык-каржылык жана соода-экономикалык архитектураны түзүү маселесин иштеп чыгуу жагында ЕАЭБдин ШКУ жана АСЕАН менен диалогунун деңгээлине чейин көтөрүү зарыл деп белгиледи. Бул тема 25-чи Петербург эл аралык экономикалык форумунун жүрүшүндөгү тийиштүү дискуссиялардын алкагында талкууланды (гипершилтемелер).

Маалымат

2021-жылда Бирликтин Африка өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 21,9%га (18,9 млрд долл. чейин), экспорту – 24,0%га (15,4 млрд долл. чейин), импорту – 13,7%га (3,5 млрд долл. чейин) өскөн.

ЕЭК Африка бирлиги менен диалогду 2019-жылдын 24-октябрында түзүлгөн Евразия экономикалык комиссиясынын жана Африка бирлигинин ортосундагы экономикалык кызматташтык чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында алып барат.

Ошондой эле, "Россия – Африка" Бизнес-диалогуна РИАнын Африка институтунун директору Ирина Абрамова, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Наталья Бочарова, Египеттин өнөр жай жана соода министри Невин Гамея, Зимбабвенин өнөр жай жана соода министри Секай Ирене Нзенза, Мамлекеттик Думанын Ыраакы Чыгышты жана Арктиканы өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Николай Новичков, Малинин тоо-кен өнөр жайы, энергетика жана суу ресурстары министри Ламин Сейду Траоре, Борбордук Африка мамлекеттеринин Экономикалык коомдоштугунун Комиссиясынын президенти Жилберто да Пьедаде Вериссимо, Алжирдин өнөр жай министри Ахмед Загдар, "ОХК "УРАЛХИМ" АКнын башкы директору Дмитрий Коняев, Борбордук Африка Республикасынын Премьер-министри Феликс Молуа, "Газпромбанк" КАКнын биринчи вице-президенти Роман Панов, РӨИБдин президенти Александр Шохин жана башкалар катышышты.