Жаңылыктар

06.12.2016

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Адамкул Жунусовдун “Россия гезитине” ЕАЭБ жана ЖЖЭА айкалышуу тематикасы боюнча берген интервьюсу

Россия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) башка өлкөлөрү менен бирдикте транспорт жаатында Кытайдын тең каржылоосуна талаптанган 40 ашык биргелешкен долбоорлорду сунуштаган.  Алар Кытайдын, Евразия биримдигинин жана ЕСтин ортосунда жана Евразиянын негизги транспорттук коридорлорун толуктаган жолдош каттамдар боюнча (Батыш Европа - Батыш Кытай, Түндүк - Түштүк, Чыгыш - Батыш жана Түндүк деңиз жолу) өтмө логистиканы жөнгө салышы керек.​ Россия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) башка өлкөлөрү менен бирдикте транспорт жаатында Кытайдын тең каржылоосуна талаптанган 40 ашык биргелешкен долбоорлорду сунуштаган.  Алар Кытайдын, Евразия биримдигинин жана ЕСтин ортосунда жана Евразиянын негизги транспорттук коридорлорун толуктаган жолдош каттамдар боюнча (Батыш Европа - Батыш Кытай, Түндүк - Түштүк, Чыгыш - Батыш жана Түндүк деңиз жолу) өтмө логистиканы жөнгө салышы керек. Долбоор туурасында, ошондой эле ал анын катышуучуларынын экономикасына кандай таасир тийгизери жөнүндө “Россиялык гезитке” Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча министри Адамкул Жунусов айтып берди. Айкалышуу туурасында Россия жана Кытай 2015-жылдын майында макулдашкан, бирок азыркы убакытка чейин тараптар Азияда Европага транзит үчүн кубаттуу инфраструктураны куруу туурасында Кытайдын демилгесинин шарттарын аныктап жатышат. Бул жерде Россия үчүн башкысы - азыркы учурда Евросоюзга деңиз аркылуу жеткирилип жаткан кытайлык соода агымдарынын бөлүгүн өзүнүн аймагы аркылуу өткөрүү, ошону менен бирге өзүнүн жолдоруна жана транспорттук түйүндөрүнө кытайлык акчаларды тартуу, мунун эсебинен жаңы жумуш орундарын түзүү. 7-декабрда долбоорлордун тизмесин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт министрлери талкуулашат, бул блок евразиялык интеграциянын жана Жибек жолунун Экономикалык алкагынын айкалышуусунун алкагында  ЕЭКтин Кытай менен сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибине кирет.  Министрдин айтымында, “бешилтиктин” өлкөлөрүнүн бул долбоорлор боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү чогуу жүргүзүүгө бардык негиздери бар. - Адамкул Орокеевич, Жибек жолу - жакшы образ, ал эми анын аркасында биз үчүн кандайдыр-бир конкреттүү нерселер качан пайда болот? Атап айтканда, транспорт, инфраструктура чөйрөсүндө. - Дегинкиси, көп форматтуу мүмкүнчүлүктөргө (Кытай менен кызматташтыкта. - Ред. эск.) ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарынан күмөн санаган, ишенбеген бардык эксперттерди мен капа кылышым керек. Кызыкчылык жетишерлик жогору болду. Азыр бизде 40 бир аз ашыгыраак сунуштар чогултулду. Бул жаңы жолдордун курулушу жана эски жолдорду модернизациялоо, транспорттук-логистикалык борборлорду түзүү, негизги транспорттук түйүндөрдү өнүктүрүү жана башка. Бул жерде расмий Пекин ар дайым экономикалык максатка ылайыктуулукка коюм жасаганын да түшүнүү керек, жана биз евразиялык интеграция тарапка өнүгүүдөн анын пайдаларын туура баяндап беришибиз маанилүү. Азыр бул экономиканын дээрлик бардык чөйрөлөрүндө оюндун бирдиктүү эрежелери калыптанган жана 180 миллион адамдан ашык калкы бар рынок. Башкача айтканда, бул калк жыш жайгашкан Европанын төрттөн бири.  Андыктан, айкалышуу долбоорунун перспективалары жөнүндө айта турган болсок, ЕАЭБтин транзиттик мүмкүнчүлүктөрү менен гана чектелүүгө болбойт. Башка жагынан алганда, инфраструктураны модернизациялоо жана куруу деле бир катар оң таасирлерге ээ.  Албетте, бул жумушчу орундар. Мындан тышкары, инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу улуттук экономикаларды өнүктүрүүнүн драйвери боло алат. Анткени, өзөгүнөн алып караганда инфраструктура - макро-жана микро деңгээлдерде социалдык-экономикалык системалардын натыйжалуу иштөөсүн камсыздаган тармактардын жыйындысы. - Мындай долбоорлорду иштеп чыгуунун тереңдиги кандай? - Ар кандай. Алардын бөлүгү учурда ишке ашырылууда, башкалары ага жакын, үчүнчүлөрү азырынча кагазга гана түшүрүлгөн. - Мисалы? - Иран - Армения Түштүк темир жолу. Армения, татаал географиялык шартта жайгашкандыктан, Иран менен мамилелерди өнүктүрүүгө абдан кызыкдар. Бул Биримдиктин Иран менен эркин соодалашуу аймагын түзүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө багытына ылайык келет. Долбоор жүзөгө ашырылгандан кийин бул жол Иран аркылуу Казакстанга, Кытайга жана андан ары чыга алат. Иран жана Перс булуңунун башка өлкөлөрүнүн ортосунда түз темир жол байланышы пайда болуп, бул өлкөлөрдүн Жибек жолунун башка мамлекеттери менен кургактыкта жүк ташууларга мүмкүнчүлүктөрү да камсыздалат.  - Россиядан Москва - Казань жогорку ылдамдыктагы магистралычы? - Ал дагы. “Европа - Батыш Кытай” эл аралык транспорттук маршрутунун алкагында Петербургдан Казакстандын чек арасына чейин дагы жол бар. Силер билгендей, бул Россиянын, Казакстандын жана Кытайдын аймагын камтыган өтө чоң инвестдолбоор. Анда тез жүрүүчү жаңы автожолун куруу жана эски жолду масштабдуу реконструкциялоо каралган. Ошондой эле Байкал-Амур жана Транссибир темир жол магистралдарынын өткөрүүчү жана ташуучу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жөнүндө маселе турат. Транссибди өнүктүрүүгө Россия гана эмес, Казакстан жана Кытай да кызыкдар. Транссиб Европа менен чектешкен аймактарга Алыскы Чыгыштан гана эмес, Азия-Тынчокеан аймагынын өлкөлөрүнөн да товарларды жеткирүүдө маанилүү ролду ойнойт. Транссиб аркылуу Кытайдан Германияга транзит убакыт боюнча деңиз аркылуу жол менен салыштырмалуу, болжолу менен 20 күнгө азыраак убакытты алат.  Эки долбоор тең эл аралык жүк ташуулардын, барыдан мурда контейнердик ташуулардын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Россия ошондой эле сүйлөшүүлөрдү алкагына “Бириккен транспорттук-логистикалык компанияны” киргизүүнү сунуштайт. Бирок чынында БТЛК - россиялык гана долбоор эмес, компания Кытай - Түштүк-Чыгыш Азия - ЕС каттамында жана кайра кайтуучу багытта транзиттик контейнердик сервистердин оператору катары Россиянын, Беларустун жана Казакстандын темир жол администрациялары тарабынан түзүлгөн. Бул мындай биринчи жана жалгыз долбоор, ал ийгиликтүү жүрүп жатат, бирок андан ары өнүктүрүүгө муктаж. - Ал эми башка өлкөлөрчү - Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан? - Беларусь жөнүндө айта турган болсок, бул Берлин - Пекин долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында Польшанын чек арасы аркылуу Брест, Минск жана Орша аркылуу жогорку ылдамдыктагы темир жол магистралынын участогун куруу. Казакстандан сунуштардын арасында - бир нече автомобилдик жана темир жолдорун реконструкциялоо, алты транспорттук-логистикалык борборлорду куруу, анын ичинде Павлодарда, Усть-Каменогорскто, Костанайда. Логистикалык борборлор Челябинск, Екатеринбург жана Омскко чыгуу менен Россиянын Урал-Сибирь аймагынын рынокторуна багытталган. Сиздер көрүп тургандай, аталган долбоорлор ЕАЭБ боюнча өнөктөш өлкөлөр үчүн кызыктуу, алар Россиянын жана Казакстандык чек арага жакын областтарын өнүктүрүүгө күчтүү импульс беришет. Кыргызстан Жибек жолу менен айкалышуунун алкагында үч транспорттук-логистикалык борборлорду түзүүнү, темир жолдорун куруу боюнча бир нече долбоорлорду кароону сунуштайт. Алардын ичинен эң маанилүүсү - Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу.  Долбоор Кыргыз Республикасына бирдиктүү ички темир жол тармагын түзүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүн өз аймагы аркылуу Кытай менен байланыштырууга мүмкүндүк берет. Мунун бардыгы Евразия континенталдык көпүрөсүнүн жаңы түштүк коридорун түзөт. Жана мындай долбоорлорду жүзөгө ашыруу транзиттик ташуулардын эл аралык рыногунда өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизери түшүнүктүү. - Долбоорлор кытайлык тарап менен талкууланардын алдында алардын шорт-баракчалары кантип түзүлөт, ЕЭК мандатынын алкагында приоритеттер кандай? - Азырынча биз приоритеттүү долбоорлордун тизмесин тактоо жана макулдоо боюнча иштерди улантып жатабыз, алар Кытай менен талкуулоо үчүн “жол картасына” киргизилет. Бүгүнкү күндө тараптар менен жалпысынан транспорт жана инфраструктура жаатындагы долбоорлор гана макулдашылган. Эгерде тандоо критерийлери жөнүндө айта турган болсок, бир нече дебаттардан кийин биз “жол карталары” үч негизги параметрлерге жооп бериши керек деген бүтүмгө келдик. Биринчиден, Биримдиктин мамлекеттеринин транзиттик потенциалынын натыйжалуулугун көбөйтүүгө жана жогорулатууга, КЭР транспорттук системасы менен айкалышууга багыттуулук болушу керек. Экинчиден, каржылоого муктаждык, анын ичинде долбоордун айрым бөлүктөрүнө. Жана башкысы, долбоорго кызыгуу Биримдиктин эки же андан ашык мамлекетинде болушу керек. Мен ойлойм, биз транспорттук ведомстволордун жетекчилеринин кеңешмесинде сунуштардын финалдык версиясын макулдашып, тизмени ЕЭКтин блогуна - биздин кытайлык өнөктөштөр менен башкы сүйлөшүүчү катары Вероника Никишинага өткөрүп беребиз. - Булардын бардыгы ЕАЭБтин транспорттук саясатынын Негизги багыттарына ылайык келеби? - Инфраструктуралык  долбоорлордун тизмесинин үстүндө системалуу иш ЕЭКтин транспорттук блогунун жана өнөктөш өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп эсептелет, анын ичинде бул масштабдуу документтин алкагында. Анда транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун жана Биримдиктин бирдиктүү транспорттук мейкиндигин түзүү максатында иштердин бардык ырааттуулугу аныкталган. Биз Негизги багыттарды даярдоонун аягына чыгып калдык жана декабрдын аягында, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин алкагында мамлекет башчыларына биринчи жыйынтыктар жөнүндө отчет тапшырууну пландаштырып жатабыз. Биздин милдеттер  - транспорттук кызмат көрсөтүүлөр рыногуна жана инфраструктурага жеткиликтин бирдей шарттары, атаандаштык чөйрөсүн түзүү, ташуулардын шарттарын жана эрежелерин айкалыштыруу, жыйынды транспорттук потенциалды натыйжалуу колдонуу. Мунун бардыгы жыйынтыгында транспорттук коромжулардын төмөндөөсүнө, жүк агымынын өсүшүнө, транспорттун жеткиликтүүлүгүнүн өсүшүнө жана калктын мобилдүүлүгүнө алып келет.  - Адамкул Орокеевич, сиздер бул бардык долбоорлордун болжолдуу баасын эсептедиңиздер беле? - Өлкөлөр бизге берген маалыматтар боюнча алганда, бардык долбоорлордун жалпы суммасы 30 миллиард доллардан ашык. Бирок бул абдан шарттуу сандар, анткени, кайталап кетейин, алар иштеп чыгуунун жана жүзөгө ашыруунун ар кандай деңгээлдеринде. Татаал инфраструктуралык долбоорлордун баасы техникалык-экономикалык негиздөө стадиясында түзүлөт, бирок кийин алар өзгөрүшү мүмкүн, кээде олуттуу өзгөрүүлөр да болот, анткени долбоорлоо учурунан баштап, жүзөгө ашырууга чейин бир нече жыл өтүшү мүмкүн. - Долбоорлордун рентабелдүүлүгү мааниге ээби? - Биздин милдет сунуштардын топтомун түзүүдө турат. ЕЭК - каржы-насыя мекемеси эмес жана инвесткомпания да эмес. Ошол эле учурда эл аралык инфраструктуралык банктардагы биздин кесиптештерибизде Жибек Жолунун Экономикалык алкагына салынган ар бир доллар 20 цент өлчөмүндө кайрып келет деген пикир бар.  Сиздер түшүнүп тургандай, бул абдан чоң рентабелдүүлүк. Бирок долбоорго көзкаранды, алардын кээ бири боюнча чыгымдардын акталышы 20 жылдан ашат. Жана мындай долбоорлор үчүн бул нормалдуу. - Бул долбоорлорго Кытай канча акча салышы мүмкүн? - Маселенин каржылык тарабы - талкуунун өзүнчө предмети. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк варианттары, долбоорлорго тең каржылашуу же насыялоо шарттарында, концессия шарттарында катышуу каралат. Дегинкиси мындай сунуштар ЕАЭБ боюнча өнөктөш-өлкөлөр тарабынан айтыла баштады. Жалпысынан кеп Кытай тараптан каржылоону тартуу жөнүндө болуп жатат, Биримдик мамлекеттери буга абдан кызыкдар. Бул каржылоонун болжолдуу көлөмүн талкуулоо азырынча өтө эрте.