Жаңылыктар

16.11.2016

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министринин кеңешчиси Владимир Мальцевдин БелТА МА берген интервьюсу: “Евразия бизнеси үчүн туруктуулук платформасы”

Евразия экономикалык биримдигинде мамлекеттер аралык кооперацияны өнүктүрүү үчүн жаңы инструмент пайда болду - евразия технологиялык платформалары.​ Евразия экономикалык биримдигинде мамлекеттер аралык кооперацияны өнүктүрүү үчүн жаңы инструмент пайда болду - евразия технологиялык платформалары. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 8 багыт боюнча 11 артыкчылыктуу техплатформаларды бекиткен: космос, медицина, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, фотоника, табигый ресурстарды казып алуу, экология, айыл чарба жана өнөр жай технологиялары. Бул идеянын авторлору белгилегендей, платформалар  Биримдик өлкөлөрүнүн илимий - техникалык прогресс жана илимий потенциалын мобилизациялоо боюнча алдыңкы улуттук жана дүйнөлүк жетишкендиктерди топтоо боюнча системалуу ишти камсыз кылууга арналган. Алар инновациялык продукттарды иштеп чыгуу жана аларды өнөр жай өндүрүшүндө жайылтуу боюнча прикладдык маселелерди чечүү үчүн колдонулат. Бул идея иш жүзүндө кандайча жүзөгө ашырылары туурасында айтып берүүнү БелТА кабарчысы ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсүнүн (министринин) кеңешчиси Владимир Мальцевден өтүндү: - Владимир Валерьевич, эмне үчүн технологиялык платформалар сыяктуу формат тандалып алынган? - Эгерде советтер союзунан кийинки мейкиндикте интеграциялык тизмектерди түзүү тарыхын карай турган болсок, Биримдик мамлекеттеринин алкагында дал ушундай долбоорлор эң белгилүү болуп эсептелет. Бирок алардын бардыгы төмөнтөн демилгеленген эмес, бизнестин демилгеси боюнча жүргүзүлгөн эмес. Факт боюнча бул долбоорлор чиновниктердин кабинеттеринде ойлоп табылган. Жана алардын экономикалык курамы аягына чейин ойлонулбагандыктан, бардык мындай долбоорлор анчалык шыр жүзөгө ашырылган эмес. Ал эми биз ЕАЭБте башкача жол менен иш алып барууну чечтик. Технологиялык платформалар сыяктуу механизм, - жаңы эмес, биз эч нерсе жаңы ойлоп тапкан жокпуз, ал Россияда 2008-жылдан бери эле колдонулуп келе жатат. Ал эми идея болсо, Европа биримдигинен көчүрүлүп алынган: ал ЕБда чек аралар бар кезинде, биримдик али аягына чейин түзүлө элек, бирок кооперациялык тизмектер өнүгө баштаган кезде пайда болгон. Алардын эң белгилүүсү болуп Airbus учак концерни эсептелет, анын себилдегичтери мыйзам боюнча колдоонун ар кандай түрлөрү бекитилген ар кайсы өлкөлөрдө жасалган. Буга байланыштуу суроо келип чыккан: жалпы өнүм жасалып жаткандан кийин, бардык өнөктөштөр үчүн, алар ар кайсы мамлекеттерде жайгашса да, мамлекеттик колдоо чаралары колдонулушу керек. Чынында технологиялык платформа деген мына ушул. - Башкача айтканда, эгерде кыскача айта турган болсок, анда технологиялык платформа - мамлекеттик колдоонун бирдей чаралары колдонулган салттуу кооперациялык тизмек экен да? - Бирдей эмес, а колдоо чаралары менен. Азырынча ЕАЭБ мамлекеттик колдоонун деңгээлин унификациялай турган даражага жете элек. Бирок биздин технологиялык платформалардын артыкчылыгы баары бир олуттуу: эгерде сен бул кооперациялык тизмекке кирсең, анда сенин мамлекетиңде артыкчылыктуу тартипте кандайдыр бир преференциялар берилиши керек. Ошол эле учурда технологиялык платформа чийки затты өндүрүүдөн баштап аяккы өнүмдү жасоого чейинки процессти камтый алат. Мисал катары, атаандаштык абдан жогору рынокто иштеген  белоруссиялык “Камволь” ишканасын алалы. Ал үчүн жеңил өнөр жайы боюнча технологиялык платформа бар, жүн өндүрүшүн түзүүдөн баштап даяр буюмду тигүүгө чейинки бул тизмекти карап чыгып, ага кирүүгө болот. Советтен кийинки мейкиндикте дагы эмне үчүн көптөгөн долбоорлор жылбайт? Анткени биз атаандаштык өтө катуу өнүккөн чөйрөлөрдө биргелешкен ишканаларды жаратууга аракет кылабыз, анын үстүнө бюджеттик каражаттардын эсебинен. Бирок ар бир мамлекетте колдоонун протекционисттик чаралары бар, мисалы, МАЗ жана КамАз, алар ички рынокто атаандашат. Башкача айтканда, алар бириге алышат, бирок экспортко иштөө үчүн гана. - Мен сизди туура түшүнсөм, бизнес евразиялык платформага кирүүнү же кирбей коюну өзү чечиши керек? - Ооба. Азыр бизде өнөр жайында тогуз платформа түзүлгөн. Биз аларды түзүп, дароо эскертүү бергенбиз: бул инноватикага багытталган кооперация. Жөн гана кооперациялык тизмек түзүлбөстөн, аяккы натыйжада анын жыйынтыгы инновациялык, атаандаштыкка жөндөмдүү өнүм болушу керек. - Технологиялык платформага кирүү менен бизнес кандай конкреттүү преференцияларды ала алат? - Мен буга чейин айтып кеткендей, ар бир мамлекетте технологиялык платформалардын катышуучуларын колдоонун өз чаралары киргизилет. Мындан тышкары, ЕЭКтин улуттуктун үстүндөгү функциялары бар, алар тарифтик жөнгө салуунун да, тарифтик эмес жөнгө салуунун да чараларын колдонууга мүмкүндүк беришет. Мисалы, кимдир бирөө технологиялык платформанын аяккы өнүмү үчүн себилдегичтерди өндүрөт, бирок алар үчүн кандайдыр бир компоненттер же чийки заттар ЕАЭБтин чек арасынан тышкаркы жерлерден алып келинет. Андан кийин өндүрүш жүргүзүлгөн өлкө ЕЭКке сунуш менен кайрылат: келгиле бул компоненттерди же чийки заттарды киргизүүгө алымдарды нөлгө түшүрөлү. Биз дароо карайбыз: бул продукция технологиялык платформага киреби? Эгер кирсе, анда Комиссия бул өнүм керек, ал инновациялык, кооперациялык деп тастыктайт. Андан кийин биз алымдар боюнча преференцияларды беребиз. Башка чаралар да болушу мүмкүн, мисалы, техникалык жөнгө салуунун эсебинен. Мындан тышкары, азыр ЕЭКтин ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрү менен субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу боюнча ыйгарым укуктары пайда болот. Башкача айтканда, дагы бир субсидиардык механизм пайда болот. Евразия өнүктүрүү банкы аркылуу каржылоо механизми жөнүндө да унутпаш керек. Биз ал кооперациялык катышуусу бар долбоорлорду каржылайт деп сүйлөшкөнбүз, жана бул позиция Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде премьер-министрлердин деңгээлинде тастыкталган.  Эми ЕЭКте өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорский жетектеген атайын жумушчу топ түзүлөт, бул жумушчу топ мындай долбоорлорду тандамакчы. Кийинчерээк кооперациялык долбоорлорду каржылоо боюнча кандайдыр бир биргелешкен фондду түзүү жөнүндө маселени көтөрүүнү пландаштырып жатабыз. Балким насыялык ченемди субсидиялоо жөнүндө макулдашабыз, алар коммерциялык шарттарда болбогондой кылып, биз мындай механизмди да карайбыз. - Евразиялык технологиялык платформалар баарыдан мурда экспортко багытталган продукцияны чыгарууга арналабы? - Бажы биримдиктерин түзүүнүн бардык тажрыйбасы көрсөткөндөй, биз баарыдан мурда продукцияны ички рынокко жеткирүүнү көбөйтүшүбүз керек. Жана бул үчүн өз ара соодадагы тоскоолдуктарды четтетишибиз керек. Ошондон кийин гана атаандаштыкка жөндөмдүү товарлар пайда боло баштайт. Ал эми атаандаштыкты өнүктүрүү менен биз экспортко чыгарыла турган продукцияны өндүрө алабыз. Эгерде биз дароо эле келгиле экспортко багытталган продукцияны чыгаралы десек, анда атаандаштыксыз биз аны тышкы рынокко чыгара албайбыз, ал жакта биздин продукция ал эч кимге кереги жок болот.  Бирок, албетте, биздин тараптар атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өз алдынча чыгарып жатышат. Мисалы, ошол эле МАЗ, КамАз жана башка ишканалар. Бизде атаандаштыкка жөндөмдүү көп нерселер өндүрүлөт, бирок аларды ар бир өлкө өз алдынча өндүрөт. Ал эми биз кооперациялык тизмектерди түзүү жөнүндө айтып жатабыз. Мен бул жерде дагы эмнени айткым келет. Биз Россияга каршы санкциялар киргизилген, алар кыйыр түрдө ЕАЭБтин бардык катышуучуларына таасирин тийгизген татаал экономикалык шартта турабыз. Анткени бизде бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүлгөн. Ошондуктан баарыдан мурда Россия, менин оюмча, санкциялардын башка өлкөлөргө терс таасирин азайтуу үчүн кандайдыр бир интеграциялык нерселерди сунушташы керек. Анткени интеграция бири-бирине карата кандайдыр бир эпке келүүсүз болбойт. Жана Россия Федерациясынын президенти ушундай механизмди сунуштап, ЕАЭБтин бардык мамлекеттерин Россияда импортту алмаштыруу программасына катышууга чакырган. Комиссия азыркы учурда тараптардын профилдик министрликтери менен бул маселени жигердүү иштеп чыгууда. - Бул технологиялык платформалар биринчи натыйжаларын качан бере баштайт? - Технологиялык платформалар - бул жөн гана механизм эмес, конкреттүү ишканалар жана конкреттүү долбоорлор. Жана биз айтып өткөн технологиялык платформалар, - алардын бардыгынын конкреттүү катышуучулары бар, ишканалар өздөрү өз ара макулдашууларга кол коюшат. Тактап айтканда конкреттүү катышуучулар айтышкан: биз бул технологиялык платформага киребиз жана мындай өнүмдү өндүрүүгө даярбыз деп. 2017-жылдын ортосуна чейин Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылана турган жана улуттук деңгээлде колдоого алына турган кандайдыр бир долбоорлор пайда болушуна үмүттөнөбүз.