Жаңылыктар

08.06.2022 (Обновлено: 17.06.2022 11:34)

Кыргыз-казак чек арасындагы талаш кырдаал жана башка маселелер ЕЭКтин ыкчам комитети тарабынан каралды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы абал, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинде химиялык продукцияны жүгүртүү, Ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу маселелери пикир келишпестиктерди жана талаш кырдаалдарды четтетүү жана товарларды эркин өткөрүлүшүн камсыздоо боюнча ыкчам комитеттин отурумунда талкууланды. Отурум 8-июнда ЕЭК Коллегиясынын башчысы Михаил Мясниковичтин төрагалыгы астында Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында өттү.

Эске салсак, 26-27-майда Бишкекте Евразия экономикалык форумун жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумун өткөрүүнүн алкагында кыргыз тарап кыргыз-казак чек арасынын көзөмөл-өткөрүү пункттарында талаш кырдаалдардын болушу жөнүндө маселени көтөргөн. Буга байланыштуу бажы кызматташтыгы боюнча министр Максат Мамытканов башында турган комиссиянын өкүлдөрү Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүү пункттарына барышкан.

Комитеттин отурумунда тараптар өз позицияларын сунуштап, аларды талкуулоонун жыйынтыгы боюнча иштин эки тараптуу форматын улантуу сунушталган.

"Биринчи кезекте маалымат алмашууну өркүндөтүү зарыл. Экинчиден, тараптар чек арага жөнөтүлүп жаткан жүк ташууларга ички көзөмөлдү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырышы керек. Жана, акырында, өткөрүү пункттарын реконструкциялоо зарыл", - деп баса белгиледи Михаил Мясникович.

Отурумдун катышуучулары ошондой эле ЕАЭБде химиялык продукцияны жүгүртүүгө чыгарууну жөнгө салууну камсыз кылган документтерди кабыл алуу ыкмаларын талкуулашты.

Азыркы учурда Казакстан Бирликтин өлкөлөрүндөгү мамлекет ичиндеги макулдашуунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин "Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун толуктап иштеп чыгууда. Өзгөртүүлөрдүн долбоору менен аз тоннадагы химиялык продукцияны (жылына 1 тоннадан аз көлөмдө өндүрүлгөн же ЕАЭБ рыногуна ташылып келинген) жана химиялык аралашмаларды мамлекеттик каттоо боюнча маселелерди тактоо сунушталат. Иштелип чыккан документ 1-июлга чейин андан ары карап чыгуу үчүн Комиссияга киргизилери чечилди.

Мындан тышкары, тараптар Казакстан тарабынан ЕАЭБдин ББТсына салыштырмалуу, бажы алымдарынын кыйла төмөн чендери колдонулган товарларды Казакстандын аймагынан башка мүчө мамлекеттерге ташууда эсепке алуу тутумун колдонуу маселесин карашты. Бул Дүйнөлүк соода уюмуна кошулууга байланыштуу Казакстандын милдеттенмелерине байланыштуу. Бул теманы Кеңештин 10-июнундагы отурумунун күн тартибине киргизүү чечими кабыл алынды.

Комитет ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентине ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өзгөртүүлөрдү талкуулады. Атап айтканда, кеп көзөмөлдөөнү колдонуу жөнүндө чечим кабыл алуу деңгээли туурасында болууда.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү