Жаңылыктар

02.08.2022 (Обновлено: 08.08.2022 14:04)

ЕАЭБ өлкөлөрү региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишишти

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 2-августтагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинде региондор аралык соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн сунуштаманы кабыл алды.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев белгилеп өткөндөй, бул иш Стратегия-2025 менен каралган. Сунуштама ЕАЭБде региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маалыматтык, уюштуруучулук жана каржылык аспектилерин камтыйт.

Алсак, документте чек араларга жакын аймактарда ишке ашыруу үчүн биргелешкен региондор аралык долбоорлорду жана аларды колдоо үчүн каржы куралдарын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун карап чыгуу сунушталат. Ошондой эле, өлкөлөргө бизнес өкүлдөрү үчүн региондордо Евразия соода-өнөр жай жарманкелерин жана "байланыштар биржаларын" өткөрүү сунуш кылынат.

Мындан сырткары, сунушталган иш-чаралардын арасында – региондорду интеграциялык процесстерге тартуу үчүн вебинарлар жана көчмө семинарлар жана регионалдык бийлик органдарынын жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн Комиссиянын иш-чараларына катышуусу.

Эске сала кетсек, ушул жылдын май айында ЕЭК Сюник областынын Капан шаарында (Армения Республикасы) региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө алгачкы семинарын өткөргөн. Иш-чарага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жана регионалыдк бийлик органдарынын, бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү ж.б. катышышкан.