Жаңылыктар

16.11.2022 (Обновлено: 24.11.2022 12:48)

ЕАЭБ өлкөлөрү органикалык айыл чарба продукциясы менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашууга кол коюуну пландаштырууда

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясында Евразия экономикалык бирлигинде продукцияны органикалык деп таануунун тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды. Документ Бирликтин мамлекеттеринде 2023-жылдын 10-мартына чейин мамлекеттик ички макулдашуудан өткөрүлөт. 

"Макулдашуу ЕАЭБ алкагында органикалык продукцияны өндүрүүгө жана маркалоого карата талаптарды унификациялоого мүмкүндүк берет жана бул шайкештик сертификаттарын өз ара таануу жана бул продукциянын эркин жүгүртүлүшү үчүн негиз болуп кызмат кылат. 180 миллиондон ашык керектөөчүлөрү бар жалпы рынокко ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык өндүрүүчүлөрүнүн жетүүсү ЕАЭБде органикалык сектордун өнүгүү арымынын өсүшү, органикалык өндүрүштү диверсификациялоо жана Бирлик өлкөлөрүнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кооперациясынын негизинде органикалык продукцияны кайра иштетүүнү тереңдетүү үчүн жакшы өбөлгө болмокчу", – деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. 

Макулдашууда мүчө мамлекеттерде сатылуучу органикалык продукцияны маркалоого карата талаптарды унификациялоо, продукцияны маркалоодо "органикалык", "биологиялык", "экологиялык" деген терминдерди бирдей мааниде пайдалануу, ошондой эле органикалык продукцияны өндүрүүнүн бирдиктүү шайкештик белгисин анын таңгагында жайгаштыруу каралган. 

Маалымат

Документтин долбоорун иштеп чыгуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021-жылдын 20-августундагы № 16 тескемеси менен бекитилген ЕАЭБ алкагында органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча жол картасында каралган.

Органикалык продукцияны керектөөнүн дүйнөлүк рыногу акыркы он жылдыктарда туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. 2020-жылы бул чөйрөдөгү керектөө кезектеги рекорддук деңгээлди көрсөтүп - 129 миллиард долларга чейин жеткен, бул туурасында 190 өлкө боюнча европалык Органикалык айыл чарбаны илимий-изилдөө институтунун (FiBL) маалыматтары тастыктап турат.

Органикалык продукцияны керектөө рыногунун 80%дан ашыгы Түндүк Америка (57 миллиард доллардан ашык) жана Европа (56 миллиард доллар) өлкөлөрүндө топтолгон, Азия өлкөлөрүнүн рыногу 13,5 миллиард долларга бааланат.