Жаңылыктар

12.04.2022 (Обновлено: 29.04.2022 13:59)

Темирбек Асанбеков: "Бүгүнкү күндө логистиканын ролу көп эсе өстү"

Евразия экономикалык бирлигинин транспорт тармагынын көйгөйлөрүн Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбековдун төрагалыгы алдында профилдик консультативдик комитеттин катышуучулары талкуулашты. Жакынкы келечектеги негизги милдеттер жана багыттар, ошондой эле ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте даярдаган документтердин долбоорлору каралды.

"Учурдагы кырдаалды эске алуу менен транспорттун жана логистиканын ролу жана мааниси көп эсе өсүп жатат", - деди иш-чараны ачып жатып, Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Темирбек Асанбеков.
Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндө туруктуулугун жогорулатуу чараларын жүзөгө ашыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча убактылуу жумушчу топ түзүү сунушту колдошту. Ошентип, ЕЭК Кеңешинин 17-марттагы тиешелүү тескемесин жүзөгө ашыруу пландаштырылууда. Жумушчу топтун курамына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызыкдар мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен төмөн эмес деңгээлдеги өлкө өкүлдөрү кирмекчи.

Комиссиянын өкүлдөрү ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасында өткөрүү пландаштырылган Евразия экономикалык форумун даярдоо жөнүндө маалымдашты. Форумдун программасынын алкагында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин 6-отуруму өтүүсү күтүлүүдө. Жетекчилердин Кеңеши тарабынан форумдун панелдик сессиясынын жыйынтыктоочу резолюциясын кабыл алуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу боюнча Комиссиянын сунушу колдоого алынды. Документте евро-азиялык транспорттук байланыштарды жана мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча негизги максаттарды жана артыкчылыктуу милдеттерди чагылдыруу сунушталат.

Буга байланыштуу резолюциянын долбоорун карап чыгуу жана документтин редакциясы, панелдик сессиянын форматы, спикерлер жана алардын баяндамаларынын тематикасы боюнча мүмкүн болгон сунуштарды талкуулоо пландаштырылууда.

Тараптар ЕАЭБ мамлекеттеринин 2021-2023-жылдарга карата координацияланган транспорттук саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча жол картасынын бир катар иш-чараларын талкуулашты. Анын ичинде - эл аралык каттамдарда автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташууда электрондук документтерди колдонууну регламенттеген ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ченемдик-укуктук актылары боюнча аналитикалык баяндаманын долбоору каралды. Мындай документ евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн транспорттук потенциалын ишке ашыруу жана транспорттун өтүшүндөгү кыйынчылыктарды жоюу үчүн зарыл. Ошондой эле Комиссия ЕАЭБ алкагында транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча сунуштамалардын долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Бирликтин санариптик логистика маселелерине карата жалпы ыкмалар боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу учурда жыйынтыктоочу баскычта.