Жаңылыктар

15.07.2022 (Обновлено: 26.07.2022 11:56)

ЕАЭБдин ыйгарым укуктуу операторлору товарларды бажы органынын уруксатысыз маркалай алышат

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор (ЫЭО) үчүн кошумча жөнөкөйлөтүүлөрдү аныктады. Бул чет элдик товарларды индентификациялоо каражаттары менен бажы органынын уруксатысыз маркалоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Бул жөнөкөйлөтүү ЫЭОлорго товарларды маркалоого байланыштуу чыгашаларды минималдаштырууга, ошондой эле товарларды жүгүртүмгө киргизүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда өз аянтчалары бар, 2 жана 3-типтеги күбөлүктөрдүн ээлери да чет элдик товарларды сактоо жана маркалоо процессин оптималдаштыра алышат. Мындай механизм бюрократиялык тоскоолдуктарды жокко чыгарып жана анын аркасында бизнеске жүктү азайтат.

Документ Бирликте ЫЭО институтун өнүктүрүүгө, ЕАЭБ компаниялары үчүн атаандаштык артыкчылыктарын түзүүгө жана алдыңкы эл аралык тенденцияларды, баарынан мурда Дүйнөлүк бажы уюмунун жана стандарттарын ишке ашырууга багытталган.

Документ Бирликтин инфраструктурасын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси үчүн максималдуу ыңгайлуу жана жайлуу кылуу менен, аны көбүрөөк деңгээлде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

"Учурдагы макроэкономикалык шарттарда Кеңештин чечимин кабыл алуу Бирликтин мыйзамга баш ийген бизнеси үчүн реалдуу колдоо болуп калат, ага ЫЭОлор да кирет, - деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов. - Ошону менен бирге ташылып келген товарларды маркалоону контролдоо боюнча бардык зарыл иш-чаралар бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат".
Маалымат

Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту – бул өнөктөштүк программанын эл аралык деңгээлде таанылган стандарты, ал эми ЫЭОлор – бажылык операцияларды жана бажы контролун жүргүзүүдө белгилүү бир талаптарга жооп берген жактар катары жеңилдиктер берилген, жактардын өзгөчө категориясы.

ЕАЭБ Бажы кодексинин 437-беренесинин 5-пунктунда Комиссия ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго берилүүчү, аталган беренеде каралбаган башка атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү аныктоого укуктуу экендиги белгиленген.