Жаңылыктар

11.04.2022 (Обновлено: 28.04.2022 17:36)

Евразия экономикалык форуму-2022 концепциясы бекитилди

8-апрелде уюштуруу комитетинин төрагасы, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында Евразия экономикалык форумунун уюштуруу комитетинин отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө "Евразия экономикалык интеграциясы глобалдык өзгөрүүлөр доорунда. Инвестициялык жигердүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү" тематикасы менен форумдун концепциясы бекитилди.

Форумдун программасында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын катышуусу менен пленардык отурумду, ошондой эле алты панелдик сессияны өткөрүү каралат.

Алардын биринде глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграцияны стратегиялык өнүктүрүүнүн келечегин карап чыгуу белгиленген. Анын алкагында бир катар дискуссиялык сессияларды өткөрүү болжолдонууда: "Стратегия – 2025: ЕАЭБдин келечегинин образын калыптандыруу менен. ЕАЭБде кызматташтыктын жаңы чөйрөлөрү жана багыттары", "Бирликтин ички рыногунун тоскоолдуктарсыз келечеги. Өнүгүү жолдору", "Евразия адамдарды бириктирүү үчүн идея катары. Келечекке көз караш", "ЕАЭБдин келечектүү эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсү: Чоң Евразиядагы өз ара пайдалуу кызматташтык".

Башка панелдик сессия финансы рынокторуна жана өнүгүү институттарына (өнүгүү банктарына) арналат. Анда катышуучулар макроэкономикалык туруктуулук үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын өсүш чекиттерин талкуулашат. Талкуулоо үчүн төмөнкү темалар сунушталган: "ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук валюталарында көрсөтүлгөн биржалык финансылык инструменттердин экономикалык өсүшкө түрткү берүүдөгү ролу"; "ЕАЭБ мейкиндигинде интеграцияланган валюта рыногун түзүүнүн практикалык аспектилери. Бирликтин мүчө мамлекеттеринин улуттук валюталарынын тикелей курс түзүү механизмдери", "Өз ара сооданын алкагында эсептешүүлөрдө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин улуттук валюталарын пайдаланууну кеңейтүү жолдору", "Экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү программаларын ишке ашырууда эл аралык тажрыйба. Инклюзивдүү өнүгүүнүн эл аралык программалары жана долбоорлору".

Үчүнчү панелдик сессияда өнөр жай жана АӨК маселелерин Бирликтин экономикалык өсүшүнүн жана экономикалык коопсуздукту камсыздоонун драйвери катары кароо белгиленген. "Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары: негизги тренддер, ишке ашыруу куралдары, чакырыктар жана тобокелдиктер", "ЕАЭБ агроөнөр жай комплексин санариптик модернизациялоо", "Адамдардын жана бизнестин кызыкчылыгында техникалык жөнгө салуу", "ЕАЭБдин зергердик күн тартиби: натыйжалар, перспективалар жана мүмкүнчүлүктөр" талкууланат.

Төртүнчү панелдик сессиянын темасы экономикалык өнүгүүнү илгерилетүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура болмокчу. Ал өзүнө бир катар чакан сессияларды камтыйт: "Транспорт комплекси – евразиялык экономикалык интеграциянын каркасы", "Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин кеңеши", "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетикалык коридорлорун түзүү перспективалары", "Энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин кеңеши".

Бирликтин 2.0 санариптик күн тартибинин маселелерине тиешелүү бешинчи панелдик сессияда төмөнкү багыттарды талкуулоо пландаштырылууда: "Электрондук соода: ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун инфраструктурасынын тиреги", "ЕАЭБдин санариптик өнүгүүсү натыйжалуу интеграциянын ачкычы катары", "Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блоктун "Коомдук кабылдамасы", "Бизнестин ЕАЭБ бажы кызматтары менен диалогу".

Дагы бир панелдик сессияда ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары, анын ичинде төмөнкүдөй темалар каралат: "Туризм тармагы - экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн жаңы багыты", "Жогорку билим берүү программаларын жүзөгө ашырууда өз ара аракеттенүүнүн тармактык формаларын өнүктүрүү", "Стратегия-2025: ЕАЭБди өнүктүрүүгө карата жаштардын көз карашы".

Көргөзмө бөлүк агроөнөр жай комплексинин товарларынын көргөзмөсүн камтып, бул тармактын жетишкендиктери жана өнүгүү перспективалары көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, Комиссия уюштурган бизнес-диалог менен ЕАЭБ Ишкер кеңешин өткөрүү пландаштырылууда.

Пленардык отурумдун модераторлугуна - РӨИБ жетекчиси Александр Шохиндин талапкерлиги бекитилди.

Комиссия форумдун оператору менен биргеликте модераторлорду, спикерлерди жана форумдун катышуучуларын аныктоонун, ошондой эле панелдик сессиялардын мазмунун толтуруунун үстүндө жигердүү иштеп жатат.

Уюштуруу комитетинин отурумуна уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү, Бирлик өлкөлөрүнүн министрликтеринин, ведомстволорунун өкүлдөрү жана форумдун оператору катышты.

Эске салсак, форум ушул жылдын 26-май айында Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумун утурлай өткөрүлмөкчү.

Маалымат

Евразия экономикалык форуму Бирликтин органдарында, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана ЕЭК Кеңешинде төрагалык кылган ЕАЭБ мамлекетинде жыл сайын кезек менен өткөрүлүүчү, Евразия экономикалык бирлигинин экономика чөйрөсүндөгү ишкердик иш-чарасы. Форум ЖЕЭКтин 2019-жылдын 1-октябрындагы № 16 чечиминин негизинде өткөрүлөт.

Иш-чара ага мүчө мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилеринин, мүчө мамлекеттердин биринчи адамдарынын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн, Бирликтин алкагында өз ара аракеттенүүгө кызыкдар болгон эл аралык, илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна багытталган.

Евразия экономикалык форумун өткөрүүнүн максаттары – мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү, мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосунда кооперациялык байланыштарды түзүү жана мүчө мамлекеттердин инвестициялык жана инновациялык потенциалдарын бириктирүүдөн синергетикалык натыйжага жетишүү, алардын экспорттук потенциалын өнүктүрүү.