Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 18.05.2022 10:38)

ЕАЭБде алып келүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу үчүн жаңы негиз аныкталды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши алты айга чейинки мөөнөткө алып келүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтүн пайызсыз кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө үчүн жаңы негиз жөнүндө чечим кабыл алды.

Эми Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде аныкталган негиздерге кошумча, мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө товарларды ташып киргизүүдө (өндүрүштө колдонулбаган акциздик товарларды кошпогондо) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, алардын экономикаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында колдоо көрсөтүлүүчү тутум түзүүчү жана (же) шаар түзүүчү ишканалар (уюмдар) тарабынан берилиши мүмкүн.

Мындай негиздер убактылуу негизде – 2022-жылдын 30-сентябрына чейин колдонулат.

Мындай төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырууну же бөлүп төлөөнү алуу үчүн улуттук мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ырастаманы бажы органына көрсөтүү зарыл.

Маалымат

Ташып кирүү бажы алымын төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө тартиби ЕАЭБ Бажы кодексинин 58 жана 59-беренелери менен жөнгө салынат.