Жаңылыктар

09.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 14:22)

ЕАЭБдин жана Сербиянын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуу күчүнө кирүүдө

2019-жылдын октябрындагы Евразия экономикалык бирлигинин жана Сербиянын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуу бардык катышуучулар тарабынан ратификацияланды жана 2021-жылдын 10-июлунда күчүнө кирет.

"Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Сербиянын рыногуна алымсыз кирүү алгачкы жолу Армениядан жана Кыргызстандан товарлардын экспорттук жеткирүүлөрү үчүн ачык болмокчу. Ошондой эле, Беларустун, Казакстандын жана Россиянын товарлары үчүн Сербиянын рыногуна чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Макулдашуу көбүнесе аталган өлкөлөр үчүн учурда аракеттенген эки тараптуу келишкендиктерге негизделгендигине карабастан, ага эл аралык ченемдерге ылайык соода операцияларын жүргүзүүнүн стабилдүүлүгүн, алдын ала айтууга боло тургандыгын жана ачыктыгын камсыз кылууга багытталган бир катар жөнгө салуучу милдеттенмелер киргизилген", – деп ЕЭКтин соода саясаты департаментинин директору Игорь Назарук белгиледи.

Мындан сырткары, рынокко кирүүнүн алымсыз режими берилүүчү айыл чарба товарларынын тизмеги кеңейтилүүдө.

Сербия азырынча БСУга мүчөлүк кылбайт, андыктан макулдашуу анын катышуучуларынын ортосундагы өз ара соода үчүн укуктук негиз болуп калмакчы.