24-25-сентябрда Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн жана Россиядагы Бельгия-Люксембург соода палатасынын (БЛСП) делегациясынын жолугушуусунун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү рыногунун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырышты.
БЛСПнын Бишкек шаарына болгон иш сапарынын алкагында Комиссия өнөктөштөрүнө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасында, "Бишкек" ЭЭАда, Кыргыз Республикасынын Банктар бирлигинде сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле Бельгиянын жана Люксембургдун ишкерлери менен кызматташууга потенциалдуу кызыкдар кыргыз компаниялары менен жумушчу жолугушууларды уюштурду.
БЛСП делегациясын коштоп жүргөн ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Автандил Алыбаев белгилеп өткөндөй: "Биздин өнөктөштөр (Бельгия – Люксембург палатасынын мүчө компаниялары) ЕАЭБдин бардык мүчө мамлекеттеринде жакшы перспективаларга ээ, буга Бирликтин бирдиктүү рыногунда экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн жагымдуу климат өбөлгө түзөт. ЕАЭБдин жана Батыш Европанын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы диалогду колдоо, жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө чет өлкөлүк ишкер коомдоштуктарды өз убагында маалымдоо маанилүү".
Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары өз ара колдоонун жана маалымат алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти, анын жүрүшүндө, мисалы, чет өлкөлүк бизнес Кыргызстанда ишканаларды ачуу шарттары жана салыктык режим, бул жерде чет өлкөлүк компаниялардын ишинин укуктук форматтары, Кыргыз Республикасында коммерциялык ийгиликке таасир этүүчү башка факторлор жөнүндө актуалдуу маалыматтарды алат. Бизнес-коомдоштуктардын ортосундагы мындай өңүттөгү диалог бизнестин өнүгүүсүнө жана жаңы рыноктордогу позициялардын бекемделишине өбөлгө түзөт.
БЛСПнын 150дөн ашык мүчө-компаниялары бар.