2011-жылдын 18-ноябрындагы евразиялык экономикалык интеграциялоо декларациясы менен санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн бирдиктүү системасы түзүлгөндүгү тастыкталат. Документте мындан аркы интеграциянын негизги мазмуну ЕАЭСтин потенциалынын толук ишке ашырылышы, келишимдик-укуктук базаны, институттарды жана иш жүзүндө колдонулушун, анын ичинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын жалпы рынокторунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу сыяктуу багыттар боюнча да мындан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү боло тургандыгы аныкталган; макулдашылган агрардык саясатты калыптандыруу, өндүрүш кооперациясынын тереңдеши; ошондой эле экономиканын бардык аспекттеринде экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу.
Азыркы учурда Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай өндүрүшү боюнча өз ара иш алып барышы 2010-жылдын 9-декабрында кабыл алынган айыл чарбасын мамлекеттик колдоо эрежелери жөнүндө келишим менен жөнгө салынат. Бул келишим Тараптардын өз ара соода жүргүзүүсүнө терс таасирин тийгизүүчү мамлекеттик айыл чарбасын колдоо чараларын колдонууну чектөө максатында кабыл алынан, б.а. агроөнөр жай саясатындагы кыйла маанилүү, бирок, тар чөйрөнү камтыйт.
Агроөнөр жай өндүрүш жана агрардык рынок чөйрөсүнө координациялоонун жана жөнгө салуунун өзүнчө механизмдери таркатылат, алар Макулдашылган макроэкономикалык саясат жөнүндө келишим, Атаандаштыктын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө келишим, Техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө келишим сыяктуу ж.б. ЕАЭСтин ченемдик укуктук базасын түзүүчү башка эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган.
ЕАЭСке мүчө-мамлекеттердин макулдашылган (координацияланган) агроөнөр жай саясатын калыптандыруу жана ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй документтер иштелип чыккан:
Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай саясатынын макулдашылган (координацияланган) концепциясы (Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2013-жылдын 29-майында өкмөт башчылар деңгээлинде кабыл алынган №35 чечими) |
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөөндөрүн жайылтуу жөнүндө келишимдин долбоору |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү 2020-жылга чейинки келечектүү илимий-изилдөө иштеринин тизмеси |