Алексанян Александр Сергеевич

Биография

Александр Сергеевич Алексанян 1984-жылдын 9-декабрында Гюмри шаарында туулган (Армения Республикасы).

2007-жылы Владимир мамлекеттик университетин "математика, системалык программист" адистиги боюнча аяктаган.

Департаменттин жаңы директору ири ишканаларда жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана инфраструктуранын ишинин туруктуулугун камсыздоо жаатында илимий-изилдөө мекемелеринде иштөө боюнча чоң тажрыйбага ээ.

Тактап айтканда, анын жетекчилиги астында Россиянын авто камсыздандыруучулар союзунун маалыматтарын иштеп чыгуу жана чечмелөө үчүн бирдиктүү платформа ийгиликтүү иштелип чыгып, өндүрүштүк пайдаланууга берилген. Аталган платформа "Европротокол онлайн" суперсервиси үчүн платформаларды коштоого жөндөмдүү. 

А.С. Алексанян ошондой эле Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын санариптик трансформациясынын алкагында иштелип жаткан сервистер үчүн платформаны долбоорлоо,

ошондой эле Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасы үчүн бирдиктүү МТ мониторингинин бирдиктүү тутумун, РФ мамлекеттик кызматтарынын ортосунда маалымат алмашуу тутумун долбоорлоо менен алектенген.

Анын катышуусу менен Россия үчүн уникалдуу болуп эсептелген, суюк муздаткычы бар, дайындарды иштетүүнүн жогорку өндүрүмдүү эсептөө Борбору ишке киргизилген жана ийгиликтүү иштей баштаган, ал КМШдагы ТОП-50 суперкомпьютерлердин рейтингинде биринчи орунду жана дүйнөнүн ТОП-500 рейтингинде 62-орунду ээлеген. Ошондой эле жогорку өндүрүмдүү эсептөө комплексин башкаруу үчүн программалык камсыздоо иштелип чыгарылган (6000 серверлерден ашык).

 Эмгек жолунда КМШда жана Европада 10дон ашык жогорку өндүрүмдүү эсептөөлөрдү (HPC-долбоорлор) ийгиликтүү ишке ашырылган, КМШда ТОП-50 эң күчтүү суперкомпьютерлердин жана ТОП-500 дүйнөдөгү эң күчтүү суперкомпьютерлердин тизмесине кирген, дайындарды иштетүүнүн жогорку өндүрүмдүү борборлору долбоорлонгон жана ишке киргизилген.

2020-жылдан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министринин жардамчысы.

2021-жылдын 27-августунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматтык технологиялар департаментинин директору болуп дайындалган.