Джаппаркулов Аскар Абдисаттарович

Джаппаркулов Аскар Абдисаттарович

Биография

Аскар Абдисаттарович Джаппаркулов 1981-жылы 15-мартта төрөлгөн.

М.Х. Дулати атындагы Тараз мамлекеттик университетин "юрист" адистиги, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетин "экономика" адистиги боюнча аяктаган (2006 жыл). Казакстан Республикасынын "Болашак" президенттик программасынын алкагында Лестер Университетин (Англия) "финансылык экономика магистри" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2001-жылы баштаган, жеке жана мамлекеттик сектордо ар кандай кызматтарда иштеген.

2011-жылдын декабрынан 2020-жылдын октябрына чейин Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинде иштеген. Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинде макроэкономикалык болжолдоо жана моделдөө башкармалыгынын башкы эксперти жана башчысы, макроэкономикалык талдоо жана божомолдоо департаментинин директорунун орун басары, Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары кызматтарын аркалаган.

2020-жылдын 10-ноябрдан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору болуп дайындалды.