30-сентябрда Ереванда Евразия экономикалык форуму – 2024түн аянтчасында ыйгарым укуктуу органдардын, ишкер бирикмелердин жана ишкер коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ЕАЭБ-Иран Бизнес-диалогу болуп өттү.
Иш-чаралардын цикли өзүнө панелдик дискуссияны камтыган, анын жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн концептуалдык маселелери талкууланды, ошондой эле тармактык тегерек столдор өткөрүлүп, анда айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана соодага жана инвестицияга көмөк көрсөтүүнүн каржылык инструменттери жаатындагы практикалык мүнөздөгү милдеттер каралды. Тармактык тегерек столдордун алкагында ЕАЭБдин ишкердик бирикмелеринин жана бизнестин өкүлдөрү ошондой эле өздөрүнүн учурдагы жана перспективалуу долбоорлорун сунушташты.
Иш-чаралардын негизги спикерлери Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев, Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Мохаммад Аттабак, Армения Республикасынын экономика министри Геворг Папоян, Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач, Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Александр Шохин, Тегеран шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Махмуд Наджафи, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Данил Ибраев, "Атамекен" УИП башкармалыгынын мүчөсү - төрагасынын орун басары Тимур Жаркенов болушту.
Катышуучулар мындай бизнес-диалогду өткөрүү 2023-жылдын декабрында бир тарабынан Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери жана экинчи тарабынан, Иран Ислам Республикасынын ортосунда толук форматтуу Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгына байланыштуу өзгөчө актуалдуу экенин баса белгилешти, аны менен 90% товардык номенклатурага карата алымсыз соода режимин белгилөө каралган.
"Биз бардык күчүбүз менен, анын ичинде ушул форум менен соодадагы бардык тоскоолдуктарды жоюу үчүн иштешибиз керек. Баарыбыз чогуу бизнес үчүн жакшы жумушчу шарттарды түзүшүбүз керек", – деди Андрей Слепнев аудиторияга кайрылып.
Ошол эле учурда ал ЕАЭБ жана Иран табигый экономикалык өнөктөштөр экендигине ишенимин билдирди жана алардын ортосундагы кызматташтык үчүн бардык перспективалуу мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууда өлкөлөргө ийгилик кепилденет.
"Бүгүн бул залда жана тегерек столдордо биз Ирандын жана биздин өлкөлөрдүн бизнесинин активдерин чогултууга аракет кылдык. B2B жолугушуулар да, жана башка бардык байланыштар да – бул бүгүнкү күндө зарыл болгон нерселер деп ишенем", – деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри. Ошол эле учурда ал декабрда Тегеранда өтө турган кезектеги масштабдуу евразиялык көргөзмөсүнө катышуу ниетин билдирди.
"Бизнестин мындай үзгүлтүксүз жолугушуулары, соода инфраструктурасын, соода үйлөрүн түзүү, эсептешүү маселелерин практикалык чечүү – мунун бардыгы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн биз жасашыбыз керек болгон нерселер", – деп Андрей Слепнев жыйынтыктап, Иран менен ЕАЭБ ортосундагы товар жүгүртүүнүн потенциалын 12 млрд долларга баалады.
ЕЭФ-2024 талааларында В2В сервиси уюштурулган, ал форумдун кызыкдар катышуучуларына "нетворкингди" ишке ашырууга жана потенциалдуу бизнес-өнөктөштөр менен түз ишкер байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берди.
Мындан тышкары, ирандык делегациянын өкүлдөрү ЕЭФ-2024түн башка сессияларына катышышты.